Каратал-Жапырык коругу менен биргелешкен семинар

2022-жылдын 25-августунда ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин каржылык колдоосунда Нарын Орхус борбору Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругу менен биргеликте «Нарын облусунун тоолуу экосистемаларын коргоо» темасында семинар-тренинг өткөрдү. Семинар Борбордук Азия университетинин жыйындар залында өттү.

Семинарга облустун курамына кирген жана Нарын облусунда Рамсар конвенциясын ишке ашырууга катышып жаткан айыл аймактардын, райондук жайыт комитеттеринин, айыл өкмөт башчыларынын, Соң-Көл балык чарбасынын, Нарын облустук акимчиликтин өкүлдөрү, «Бугу-Марал» коругу, ошондой эле Нааматов Ж. атындагы Нарын мамлекеттик университетинин  мугалимдер катышты.. Семинарга жалпысынан 28 адам катышты.

Семинардын жүрүшүндө бир нече баяндамалар угулду: Орхус Борбору тарабынан аткарылган иштер боюнча отчет, коруктун айлана-чөйрөсүн коргоо боюнча илимий-изилдөө иштери, Соң-Көл балык чарбасынын ишмердүүлүгү. Презентациялардын тизмесиндеги кызыктуу темалардын бири коруктун эл аралык кызматташуу жана экологиялык билим берүү боюнча иш-чаралары болду. Ошондой эле Рамсар конвенциясынын аймактагы аткарылышы жана анын критерийлери темасы талкууланды. Семинардын катышуучулары семинардын маселелерин кызуу талкуулап, өз сунуштарын айтышып, эң активдүү катышуучуларга коруктун атынан ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

Даярдаган С.Калмуратов – Нарын Орхус борборунун менеджери

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *