Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жана Бишкек шаарындагы Орхус Борбору курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын анализи боюнча презентация жасашты.

          Бишкек шаарындагы Орхус борбору, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги, Бишкектеги ЕККУ Борборунун Программалык офисинин колдоосу астында «Курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы    Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулугунун  анализи жана аны өркүндөтүү  аспекттери» темасында семинар өткөрүштү. Бул иш чарага Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин башкармалыктарынын жана департаменттеринин адистери, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, экология тармагындагы эксперттер катышышты. Семинарда презентацияланган  материалдар Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин адистеринен жана Бишкек шаарындагы Орхус борборунун эколог-эксперттеринен түзүлгөн жумушчу тобу тарабынан даярдалган. Документте курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы    Кыргыз Республикасынын бардык мыйзамдуулук актыларынын кыскача  анализи киргизилген, анда мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы белгиленген. Бардыгы болуп бүгүнкү күндө курчап турган чөйрөнү коргоо жаатында 150 мыйзам актылары бар. Семинарда Кыргыз Республикасынын Кодекстеринин жана  Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын негизгилерине жасалган анализ  камтылган. Аталган  материалды  топтун жетекчиси, КТЧКТЧМА ченемдик укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси – Кадоева Ж.А. презентациялады.

         Талкуунун жүрүшүндө семинардын катышуучулары тарабынан ар кандай суроолор берилди жана мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштар берилди. Негизги кызыктуу суроолор КР Токой  Кодекси боюнча, КР Мыйзамдары «ӨКЖА жөнүндө», «Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө»,  «Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө», «Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө», «Ысык-Көлдүн  экологиялык-экономикалык тутуму тууралуу» жана башкалар боюнча  берилди жана талкууланды. Сүйлөгөн ар бир катышуучулар тарабынан мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү, айрым мыйзам актыларындагы пункттардын  шайкеш болбой калгандыгын, же болбосо пункттарындагы кайталануу орун алгандыгын жоюу максатында киргизилерин белгилешти. Ошондой эле, азыркы учурда Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинде иштелип жаткан Кыргыз Республикасынын Экологиялык Кодексин тезирээк кабыл алуунун керектиги белгиленди.

Аталган  документти кенири талкулоо жана өздөрүнүн сунуштарын даярдап берүү  үчүн, андан ары мыйзам актыларына керектүү болгон толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча  механизмдерин иштеп чыгаруу жана аларды жалпылап сунуштарды киргизүү үчүн, бардык кызыкдар болгон тараптардын  арасында жайылтуу сунушу киргизилди. Бул  документти жайылтуу боюнча  Бишкек шаарындагы Орхус Борбору катышат, ал эми жалпылоо иштерин  Кадоева Ж.А. менен башында болгон жумушчу топ жүргүзөт.

e-mail: jamal.kadoeva@gmail.com

Анализ законодательства КР по ООС

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *