«Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо жана экология жаатындагы улуттук мыйзамдуулукту жана Орхус Конвенциясынын жоболорун колдонуу» боюнча өткөрүлгөн 2- тренинг

img_0363

2016-жылдын 11-ноябрында Бишкек шаарындагы «Плаза» мейманканасынын конференц-залында, Бишкек шаарындагы, Чүй, Нарын, Ысык-Көл жана  Талас областтарынын район аралык сотторунун  жардамчылары, консультанттары жана соттору үчүн  «Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо жана экология жаатындагы улуттук мыйзамдуулукту жана Орхус Конвенциясынын жоболорун  колдонуу» темасында 2-тренинг уюштурулуп өткөрүлдү.

Тренинг  Бишкек шаарындагы Орхус Борборлорунун жана КР Жогорку Сотунун алдындагы сот укугу Жогорку окуу жайы тарабынан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы Мамлекеттик агенттигинин (КТЧКТЧМА) жана Бишкек шаарындагы ЕККУ Борборунун  колдоосу астында  уюштурулду.

img_0102

Аталган тренингди КТЧКТЧМА директорунун орун басары Рыспеков А.А., Бишкектеги  ЕККУ Борборунунэкономика жана курчап турган чөйрөнү коргоо бөлүмүнүн жетекчиси Барамидзе Н. жана КР Жогорку Сотунун  судьясы  Арстанбаева Д.Э.  сөз сүйлөп ачып беришти.

Тренингдин ишине соттук корпустун  25 кызматкерлери катышышты.

Аталган тренингдин негизги максаты, тренингдин катышуучуларына өз тажрыйбаларында колдонууда Орхус Конвенциясынын жоболорун тааныштыруу, республиканын аймагында курчап турган чөйрөнү коргоо жаатында Конвенциянын мыйзамдуулукка ылайыктуулугу, бүгүнкү күнгө республиканын кандай ченемдик укуктук актылары бар, алар процесстердин катышуучуларынын ортосундагы мамилелерди кандайча жөнгө салуусу тууралуу түшүндүрүү болуп саналат.

img_0283

Тренингдин жүрүшүндө түзүлгөн  топтордо  тажрыйба түрүндө иш чаралар уюштурулду,иштерди кароо боюнча мисалдар каралды, арыздарды кароонун негиздери, Конвенциясынын жоболору жана ЧУА колдонуу боюнча  маселелер каралды.

Тренингдин аягында катышуучуларга  сертификаттар тапшырылды.

img_0432

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *