«Кыргыз Республикасынын тоо кен казып алуу тармагындагы ченемдик укуктук актыларды талдоо» темасында тренинг

«Кыргыз Республикасынын  тоо кен казып алуу тармагындагы ченемдик укуктук актыларды талдоо» темасында тренинг өткөрүлдү.

Тренингдин уюштуруучусу Ош шаарындагы Орхус  Борбору болду.

Тренингдин ишине   27 адам катышышты, анын ичинде:  Чолпон-Ата айыл аймагынын башчысы,  айылдык аймакка кирген айылдын башчылыры, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча  Мамлекеттик инспекциясынын Каракөл п., Таш-Көмүр ш.  жана Токтогул  району боюнча  башкы  инспектору,  жергиликтүү  Кенештин депутаттары, Коомдук бирикмелердин жетекчилери жана айылдык аймактын жашоочулары болушту.

Иш чара тренингдин программасына ылайык,   интерактивдүү формада өткөрүлдү. Тренер катышуучуларды Орхус Конвенциясынын негизги принциптери менен тааныштырып чыкты.

Тренингдин катышуучуларын кен пайдалануудагы  лицензиялаштыруу укугуна тиешелүү суроолор кызыктырды, ошондой эле тоо кен казып алуу тармагындагы ченемдик укуктук актылар, төлөнүүчү салыктар,  социалдык пакеттер жана  тоо кен казып алуу тармагындагы ачык айкындуулук демилгеси (ИПДО) боюнча көптөгөн суроолор түштү.

Тренингдин катышуучулары өзгөчө көңүлдү алтын кенин иштетүүдө тоо кен казып алуу тармагындагы компаниялардын жасаган иш аракеттеринен жаралган курчап турган чөйрөгө жана адамдардын ден соолугуна терс таасирин тийгизип жаткан  көйгөйлөргө бурду.

Бул көйгөйлөр төмөнкүлөр: ичилүүчү суулардын булгануусу,Узун-Акмат суусунун агымынын бузулушу жана булгануусу, токойлордун кыйылышы, жергиликтүү аймактагы радиациялык фондун өзгөрүүсү ж.б.

Тренингди өткөрүүнүн жүрүшүндө, катышуучуларга атайын даярдалган материалдар таратылып берилди (Орхус Конвенциясы жөнүндө плакаттар, «Казына жөнүндө» кыргыз тилиндеги Кыргыз Республикасынын  Мыйзамы).

Тренингдин аягында Чолпон-Ата айыл аймагынын башчысы жана  айылдык аймактын жашоочулары тренингдин уюштуруучуларына өздөрүнүн ыразычылыгын билдиришти, ошондой эле келечекте дагы ушул сыяктуу иш чараларды өткөрүү жөнүндө каалоолорун айтышты.

Отчётту тренер Соронкулов Г. даярдады.

25 –март, 2017 –жыл.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *