Майлуу-Суу, Шекафтардагы тренингдер

2020-жылдын 02, 04-декабрында Майлуу-Суу шаарында жана Шекафтар айылында “Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча калдыктар жайгашкан жерге жакын жашаган калктын маалымдуулугун жогорулатуу” тренинги болуп өттү.

Мында Жумушчу комиссиянын мүчөлөрү, айыл тургундары, Өз алдынча башкаруу органдарынын, Жарандык коомдун жана жаштардын өкүлдөрү катышышты.

Тренингде тренер Бейшенкулова Р. А. жана КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Жарандык коргонуу боюнча адистерди даярдоо жана кайра даярдоо борборунун кызматкерлери Эгембердиева Э., Эргешов М. катышуучулар менен төмөнкү маселелерди талкуулашты:

  • Радиациянын адамдын ден-соолугуна тийгизген таасири жана алардын кесепеттери;
  • КРнын калкынын радиациялык коопсуздугун камсыздоо;
  • Учурдагы абал менен таанышуу, Мин-Куш, Майлуу-Суу, Шекафтардагы уран калдыктарынын объектилерин калыбына келтирүү боюнча аткарылып жаткан долбоорлордун пайдалуу учурлары;
  • КР нын ӨКМнин “Радиациялык коопсуздукка, уран калдыктарынын объектилерине байланышкан калкты катыштыруу жана маалымдуулук боюнча 2021-2024-жылдарга Программа/иш аракет мерчеми” боюнча программаны иштеп чыгуу үчүн негизги багыттары;
  • Уран калдыктары жайгашкан жерлерге жакын жашаган калкты жана кызыктар тараптарды сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча кыскача жыйынтык.

Тренингде интерактивдик усулдар пайдаланылды жана суроо-жооптор менен коштолду.

Кызматтык сапардын алкагында Ош шаарындагы Орхус борборунун директору Исабаев К. Майлуу-Суу шаарыныдагы жана Шекафтар айылындагы 9 мектептин директорлору, ыктыярчы-“Жашыл патрульдар” командаларынын жетекчилери менен жолугушту. Жолугушууда “Жашыл патрульдар” командаларынын иш планы, Сүрөт конкурсунун жыйынтыгы жана жеңүүчүлөр үчүн байгелер жеткирилди.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *