Мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгү жөнүндө маалымдоо

2020-жылдын 08-октябрында Орхус борборунун алдында тузулгөн Экологиялык клубдун мүчөлөрү үчүн Тегерек стол уюштурулду. Иш чарага Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы Мамлекеттик агенттигинин Ош аймактык башкармалыгынын кызматкери П. Камбаралиева, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциясынын  Ош шаары боюнча Региондор аралык башкармалыгынын кызматкерлери А. Мамыраимов, А. Матысаков, И. Матанбаев  жана Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Ош өкүлчүлүгүнүн кызматкери Х. Мурзаевдер чакырылды. Катышкандардын саны 14 адам болду.

Иш чаранын максаты Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын Табигый илимдер факультеттеринде билим алып жаткан студенттерди курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгү менен тааныштыруу эле.

Алгач Орхус борборунун директору К. Исабаев катышуучуларга борбордун Кыргызстанда Орхус конвенциясын ишке ашыруу боюнча аткарган жумуштары жөнүндө кыскача айтып берди. Иш чаранын максаты менен тааныштырып, “Урматтуу клубдун мүчөлөрү, силер курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы мамлекеттик органдардын аткарган кызматын, ыйгарым укуктарын билүүңөр абзел. Силер келечектеги мугалим  гана эмес, келечектеги курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы экологиялык жана башка уюмдардын кызматкерлери боло аласынар”-деп, студенттерге кайрылды.

Андан кийин жогоруда аталган уюмдардын кызматкерлери сөз сүйлөшүп, өздөрүнүн ишмердүүлүктөрү жөнүндө кеңири токтолушту. Жумуш учурундагы кызыктуу окуялар жөнүндө айтып беришти. Жолугушуу суроо-жооптор менен уланды.

Жыйынтыгында студенттер курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгү, шаардагы экологиялык абал жана кызматкерлердин иштөө ыкмалары менен кеңири таанышышты.

Соңунда студенттер Орхус борборуна, мамлекеттик органдардын кызматкерлерине маанилүү маалымат бергендиктери үчүн ыраазычылык билдиришти. Тегерек столдо катышуучуларга Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги, Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаменти, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы жөнүндө Жоболор жана 2020-жылы Орхус борбору тарабынан чыгарылган “Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо багытындагы мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө тиешелүү укуктук-ченемдик актылардын жыйнагы” китеби таркатылды.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *