Ат-Баши районунда тегерек стол аткарылды

2021-жылы 28-майда Ат-Башы районундагы Ак-Муз айылында Боогачи атындагы орто мектебинде “Орхус Конвенциясын ишке ашыруу” деген темада тегерек стол болуп өттү. Тегерек стол ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен өттү. Тегерек столго айыл өкмөттүн кызматкерлери, мугалимдер, жергиликтүү тургундар жана 11-класстын окуучулары катышты. Нарын шаарындагы Орхус Борборунун менеджери Калмуратов Самат тегерек столду Орхус Борборунун ишмердүүлүгү жөнүндө презентация менен ачып, ошондой эле 2020-жылга карата Орхус Конвенциясын ишке ашыруу боюнча жасалган иштерге токтолду.

Андан соң Нарын мамлекеттик университетинин окутуучусу Жапаров Адилет таштандыларды сорттоо жана тамак-аш калдыктарын компостоо боюнча презентация жасады. Андан кийин “Салкын-Төр” мамлекеттик жаратылыш паркынын улук илимий кызматкери Исмаилов Үмөт сөз сүйлөдү. Ал сейил бактын аткарган иштери, ошондой эле сейил бактын келечектеги пландары жөнүндө айтып берди. Презентациялардан кийин Нарындагы Орхус Борборунун 2021-2022-жылдарга иш-аракеттер пландары боюнча ачык талкууга өттүк. Талкуунун жүрүшүндө мындай иш-чараларды тез-тез жана кеңири форматта көбүрөөк адамдардын катышуусу менен өткөрүү керек деген сунуштар айтылды. Айыл өкмөттүн өкүлдөрү ыраазычылыгын билдиришип, биз көтөрүп жаткан маселелердин маанилүүлүгүн жана актуалдуулугун белгилешти. Алар келечекте тыгыз кызматташууга жана биргелешип иштөөгө даяр.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *