Ноокат районундагы жолугушуу

2018-жылдын 29-ноябрында Ош облусунун Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Орхус маалымат борбору тарабынан ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин каржылык колдоосу Ноокат районунун аймагында инерттик материалдарды пайдалануу жана турмуш-тиричилик калдыктарын жайгаштыруучу жерлерди мыйзамдаштыруу маселеси боюнча талкуу болуп өттү. Ага райондук Мамлекеттик админиситрациясынын башчысы-акими, анын биринчи орун басары, Ноокат шаарынын мэри, Мамлекеттик каттоо кызматынын, Коммуналдык чарбасынын, Орууларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө ишканасынын, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инпекциясынын (ГИЭТБ) Араван-Ноокат райондор аралык башкармалыгынын өкүлдөрү, айыл өкмөт башчылары, айыл өкмөттөрүнүн башчылары, өкмөттөрдөгү “Тазалык” ишканаларынын кызматкерлери болуп 25 адам катышты.

Каттоодон кийин катышуучуларга райондун аймагындагы турмуш-тиричилик калдыктарынын абалы, инерттик материалдарды пайдалануу боюнча Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясынын кызматкерлери тарабынан даядалган аныктамаларды жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасында турмуш-тиричилик калдыктарын башкаруунун системасын жакшыртуу” жөнүндө №415-Токтому таркатылды. Акимдин 1-чи орун басары З. П. Джапаров учурдагы таштанды жыйналуучу жерлердин абалы, таштандыларды жыйноо жана бул тармактагы көйгөйлөр жөнүндө айтып берди. Бул таштанды жыйноого багытталган жерлерди бир категориядан башка категорияга өткөрүү маселеси өтө курч тургандыгын билдирди жана таштандыларды Ош шаарынын полигонуна алып барып жайгаштыруу абдан кымбат болуп аткандыгын айтып кетти.

Орхус борборунун Коомчулук менен иш алып баруучу адиси Т. Жумабеков борбордун ишмердүүлүгү жана райондун аймагындагы аткарылган иш чаралар боюнча катышуучуларга айтып берди. Ошону менен бирге, турмуш-тиричилик калдыктары, курчап турган чөйрөнү коргоо жана кен байлыктарды пайдалануу боюнча укуктук ченемдик актылар менен бардык кызыктар тараптарды камсыз кылууда жардам бере тургандыгын айтып жана жолугушууларды, тренингдерди, тегерек столдорду жана коомдук угууларды өткөрүүдө жардам берүүгө даяр экендигин билдирди. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө станциясынын жана Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясынын кызматкерлери турмуш-тиричилик калдыктары, курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы укуктук ченемдик актылар боюнча катышуучуларга маалымат беришти.


Катышуучулар жолугушууда өздөрүнүн суроолоруна тиешелүү кызматтардын өкүлдөрүнөн жоопторду алышты.
Жыйындын аягында тараптар тарабынан турмуш тиричилик калдыктары, кен байлыктарды пайдалануу жана экологиялык коопсуздук маселерин талкуулоо боюнча атайын эксперттердин катышуусу менен бат бат жолугушуп туруу макулдашылды.

Коомчулук менен иш алып баруучу адис,
Т. Жумабеков

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *