Орхус борборлорунун өкүлдөрүнүн жыл сайын өткөрүлүүчү жыйыны

ЕККУнун колдоосунда 2015-жылдын 1-июлунда Астанада өткөрүлгөн Орхус Борборлорунун өкүлдөрүнүн жыл сайын өткөрүлүүчү жыйынына Бишкек шаарындагы Орхус Борборунун жетекчиси Адиль Нурбеков катышып келди.

ezhegodnoe-zasedanie-predstavitelej-orhusskih-tsentrov

Жыйындын катышуучулары экологиялык маалыматтуулукка жана сот адилеттигине жеткиликтүүлүк боюнча, Орхус Борборлорунун аткарган ролун жогорулатуу жолдорун жана өз иш аракетин мындан дагы жогору максатка багыттоо, курчап турган чөйрө боюнча чечимдерди кабыл алуу процессинде, коомчулуктун катышуусунун дэңгээлин жогорулатуу мүмкүндүгүн талкуулашты, ошондой эле Кыргызстандын жана Тажикистандын Орхус Борборлорунун өкүлдөрүнүн жана эксперттеринин ушул жааттагы алдыңкы тажрыйбасы менен таанышышты.

Жыйындан кийин Борборлордун туруктуу иш аракетинин укуктук аспекттери боюнча мамлекеттик органдардын, жарандык коомдордун, ишкерлик жамааттардын массалык маалымат каражаттары менен өз ара аракеттенүү жана каражаттарды тартуу мүмкүндүктөрү жөнүндө окуулар өткөрүлдү.

ezhegodnoe-zasedanie-predstavitelej-orhusskih-tsentrov

Аталган иш чара Казахстан Республикасынын энергетика Министрлиги жана Казахстан Республикасынын Улуттук Орхус Борборлору тарабынан уюштурулду, анын ишине, Казахстандын 30 дан ашык мамлекеттик кызматчылары, Жогорку соттун судьялары, өкмөттүк эмес экологиялык уюмдар жана 14 Орхус борборлорунун башчылары катышышты.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *