«Орхус Конвенциясын ишке ашыруу алкагында Ысык-Көл регионунун коомдук уюмдары менен кызматташтыкты өнүктүрүү. Чолпон-Ата шаарында Орхус Борборунун филиалын ачуу шарттары жана мүмкүнчүлүктөрү» темасындагы тегерек стол жөнүндө.

img_0076

2016-жылдын 16-19-октябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы Мамлекеттик агенттигинин  Ысык-Көл областынын аймактык башкармалыгынын  конференц-залында биздин алдыга койгон план боюнча, «Орхус Конвенциясын ишке ашыруу алкагында   Ысык-Көл регионунун коомдук уюмдары менен кызматташтыкты өнүктүрүү. Чолпон-Ата шаарында Орхус Борборунун филиалын ачуу шарттары жана мүмкүнчүлүктөрү» темасында тегерек стол өткөрүлдү.

Иш чара Бишкектеги ЕККУ Борбору  жана Бишкек шаарындагы Орхус Борбору  тарабынан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы Мамлекеттик агенттигинин (КТЧКТЧМА) катышуусунда уюштурулду.

img_0085

Аталган тегерек столдун ишине  27 адам чакырылды, алардын ичинде Ысык-Көл  райондук администрациясынын, КТЧКТЧМА, Мамэкотехинспекциясынын областтык башкармалыктарынын жана Ысык-Көл регионунун коомдук уюмдары жана ӨЭУ, жарандык коомдун өкүлдөрү катышышты.

Иш чаранын башында төмөнкү катышуучулар куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү: — Пайзиев Э. – Бишкектеги ЕККУ Борборунун  экономикалык жана экологиялык  программаларынын ага ассистенти;

— Жаманкулов А. – Ысык-Көл  райондук администрациясынын кызматкери.

Негизги докладчы   Бишкек шаарындагы Орхус Борборунун жетекчиси -Нурбеков А.К. болду, ал өзүнүн «Бишкек шаарындагы Орхус Борборунун иш аракети. 2017-жылга Орхус Борборунун иш планы жана милдети» темасындагы презентациясын айтып берди.

Докладды талкуулоонун жүрүшүндө катышуучулар тарабынан төмөнкүдөй сунуштар, ойлор жана пикирлер айтылды:

—  Шестова О.А. – КТЧКТЧМА- Ысык-Көл областынын аймактык башкармалыгынын   лабораториясынын кызматкери Орхус Борбору менен кызматташтыкты жүргүзүүнүн керектиги жөнүндө, региондогу бардык  структуралар жана уюмдар менен биргеликте, долбоорлорду жылдыруунун жана пландарды ишке ашыруунун зарылдыгы тууралуу айтып берди;

— Кулатаев М. – КТЧКТЧМА -Ысык-Көл областынын аймактык башкармалыгынын бөлүм башчысы жаратылыш байлыгын  сактоо боюнча  региондогу мектептердин окуучуларын кызыктыруу, аларды ар кандай акцияларга тартуу жана аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү  сунуш кылды;

— Бондарено Л.Э. – «Назик-Замандаш» КУ өкүлү Чолпон-Ата шаарында Орхус Борборунун филиалын  ачуунун зарылдыгын жана  аны ишке ашырууда биргеликтеги пландарды иштеп чыгуу керек экендиги боюнча өз оюн айтып берди;

— Кыштобаев Р. – Мамэкотехинспекциясынын Ысык-Көл областынын аймактык башкармалыгынын өкүлү жаратылыш  ресурстарын пайдалануу эрежелерин сактоону күчөтүү жана  жаратылышка карата мыйзамдуулукту сактоодо жарандык  контролдун зарыл экендигин түшүндүрүп кетти.

img_0048

Андан кийин тегерек столдун катышуучулары Ысык-Көл регионунунда Бишкек шаарындагы Орхус Борборунун филиалын  ачуу боюнча Бишкектеги ЕККУ Борборунун планы жөнүндө маалыматты угушту.

Бул чечимди катышуучулардын баары колдоо менен кабыл алышты жана пландаштырылган бардык иш чараларды кызыкдар болгон тараптардын катышуусунда  ишке ашыруунун керектиги жөнүндө өздөрүнүн ойлорун ортого салышты.

Иш чаранын аягында катышуучуларга Ысык-Көлдүн жээгиндеги  жана Тянь-Шандын тоолорундагы тиричилик калдыктарын чогултуу жөнүндө тартылган 2 видеофильм  көрсөтүлдү.

 

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *