Ош областынын Ноокат районундагы каралбай калган Төө моюн радий кенинин абалына жүргүзүлгөн мониторинг жөнүндө маалымат
Ош областынын Ноокат районундагы каралбай калган Төө Моюн Радий кенинин абалына жүргүзүлгөн мониторинг жөнүндө маалымат. 2015 – жылдын 28-29 -июлунда Ош шаарындагы Маалыматтык Орхус Борбору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын (ЭТКМИ) Араван, Карасуу жана Ноокат райондору боюнча Регионалдык башкармалыгы менен биргеликте каралбай калган Төө Моюн Радий кенинин объекттеринин абалына мониторинг жүргүздү.
Аталган мониторингди жүргүзүүдө Кара таш айыл аймагынын,Мирмахмудов айыл аймагынын, ЭТКМИнин Ноокат району боюнча адистери,Ош аймактык курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой экотутумдарын өнүктүрүү башкармалыгынын адистери, ӨКМдин Ноокат райондук бөлүмүнүн адистери, Массалык маалымат каражаттары, Тоо кен өндүрүү тармагы жана тоо көзөмөлү боюнча көз карандысыз эксперттер, Карасуу райондук оорулардын профилактикасы жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл Борборунун радиологиялык бөлүмүнүн Ош областы боюнча иш аракетин координациялоо функциясы болгон кызматынын өкүлдөрү курамында болгон топ катышышты.
Уран рудасын чалгындоо жана казып алуу 1904- жылдан баштап жүргүзүлгөн. Жергиликтүү калк бул жерде мурда жез казып алышкан. Өнөр жайлык радий кенин казуу 1922-жылы уюштурулган. Кендин байлыгы 15-20 грамм радийге, 60 тонна уранга, 120 тонна жезге бааланган. Кендин баштапкы өндүрүмдүүлүгү бир жылга 500 тонна руда алууга каралган. Кен иштетүү жер алдындагы жабык түрү боюнча жүргүзүлгөн жана жер алдындагы суулардын тереңдиги 220 метр болгондуктан токтотулуп коюлган.
Рейд учурунда адистер мурда иштетилген радий кенинин аймагына визуалдык изилдөөнү жана гамма-фонуна ченөө жүргүзүшкөн. Изилдөөнүн жыйынтыгында Тоо Моюн кени Ош областынын Ноокат жана Араван райондорунун административдик аймактарынын кошулган жеринде, Кара таш айыл аймагы турган жерлеринде орун алгандыгы аныкталган.
Кендин аймагынын бардык участкаларында рекультивациялык жумуштар иш жүзүндө дээрлик аткарылган эмес, кээ бир жерлеринде вертикалдык жана горизонталдык үйүлгөн штолдор кездешет. Ачык штолдор адамдар жана үй жаныбарлары үчүн коопсуздук жагдайларды түзөт.
Иштетилген кенде штолдордун жана радиациалык коркунуч коопсуздугу жөнүндө, тоо отвалдары жана «калдыктар» тууралуу эскертүү белгилери орнотулган эмес.
Объекттеги гамма-фонго ченөө жүргүзүү төмөндөгүдөй жыйынтыкты берди:
- Капчыгай-Сай суусунун жана Катта-Данга суусунун кошулган жериндеги штольняда -6-7 микрорентген /саатына;
- штольня №2нин тоо отвалында (катары боюнча) катары менен эсепке алганда, чабандын үйү менен кашарынан 1000 метр түндүк-батышында-137-200 микрорентген/саатына;
- кашардан штольняга чейин жолдун участкасында 57 ден 125 микрорентген/ саатына;
- штольнядан чыккан жерде №2-74 микрорентген/ саатына;
- штольнядан түндүктү карай 15 метрде №2-180-230 микрорентген/ саатына;
- кендин батыш бөлүгүндө-75-130 микрорентген/ саатына;
- түштүк- батыш бөлүгүндө-150-230 микрорентген/ саатына;
- горизонталдык штольнядан кыр боюнча түштүк бөлүгүндө -14-20 микрорентген/ саатына көрсөткүчүн түзгөн.