«Орхус конвенциясынын принциптерин аткаруудагы кадамдар»- деген темада тегерек стол болуп өттү.

15-декабрь 2017-жылы Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгынын №2 мамлекеттик резиденциясынын кичи залында, Ысык-Көлдөгү Орхус борбору уюштурган, «Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун иш багыттары», «Орхус конвенциясынын принциптерин аткаруудагы кадамдар»-  деген темада тегерек стол болуп өттү.

Тегерек стол Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын, Чолпон-ата шаардык мэриясынын, Ысык-Көл-Тон райондору боюнча мамлекеттик экотехинспекциясынын, курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин Ысык-Көл облусу боюнча аймактык башкармалыгынын, Ысык-Көл райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн, Чолпон-ата шаардык кенешинин жана коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Тегеректин столдун жүрүшүндө Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун менеджери С.Турсунакунов, Орхус конвенциясынын принциптери, Кыргызстандагы Орхус борборлору, Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун негизги иш багыттары жөнүндө маалымат берип, катышуучуларга Орхус конвенциясынын негизги милдеттерин түшүндүрүп берди.

Мындан сырткары , курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин Ысык-Көл облусу боюнча аймактык башкармалыгынын башкы адиси К.Минбаев башкармалыктын негизги ишмердүүлүктөрү, багыттары боюнча кенен маалымат берип, катышуучулардын экология жаатындагы суроолоруна жоопторду берди.

Орхус конвенциясынын маалыматка жетүү принцибинин алкагында, Кыргыз Республикасынын 13.08.2004-жылдагы №115 «Ысык-Көл экология-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндөгү» мыйзамы менен Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун менеджери С.Турсунакунов тааныштырды.

Катышуучулар тарабынан Ысык-Көл көлүнүн тазалыгын сактоо, шаар ичиндеги тазалык маселелери, таштанды таштоочу жайлардын көйгөйлөрү тууралуу ойлор айтылып, бул маселелерди  жоюу боюнча кандай иштерди жасоо керектиги тууралуу сунуштар айтылды.

Ысык-Көлдөгү Орхус борбору, Орхус конвенциясынын принциптерин коомчулукка тааныштыруу, ишке ашыруу максатында, мындай тегерек столдорду жана жыйындарды  өткөрүп турмакчы.

Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун менеджери С.Турсунакунов.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *