Орхус Конвенциясынын тараптарынын Черногориядагы жолугушуусу

2017-жылдын 11 – 15 -сентябрында Будва шаарында (Черногория Республикасы) Орхус Конвенциясына кошулган мүчө-өлкөлөрдүн жыл сайын өткөрүлүүчү жыйынында: Орхус Конвенциясынын Тараптарынын Жыйынын 6-сессиясы жана РВПЗ боюнча Протоколдун сакталыш маселелери боюнча Комитетинин 6- чогулушу  болуп өттү. Аталган жолугушууга  Орхус Конвенциясынын Секретариатынын атынан (Женева шаары, Щвейцария) кыргыз тарап дагы чакырылган, бирок, тилекке каршы,  техникалык себептерден улам КТЧКТЧМА өкүлдөрү аталган жолугушууларда катыша албай калышты. ЕККУнун  Веналык офисинин чакыруусу боюнча аталган иш чараларда  Бишкек шаарындагы ЕККУнун программалык офисинин өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарындагы Орхус Борборунун жетекчилери, КР Жогорку сотунун өкүлү катышууга мүмкүнчүлүк болду.

Орхус Конвенциясынын Тараптарынын Жыйынында:

  • Орхус Конвенциясынын 3 постулатын ишке ашыруу боюнча өлкөлөр тарабынан жасалган иштер;
  • Орхус Конвенциясынын ишке ашырууда өбөлгө түзгөн процедуралар жана механизмдер;
  • Орхус Конвенциясын жайылтууну үгүттөө жана ага ылайык келген өзгөртүүлөр жана байланыштар;
  • Орхус Конвенциясынын иштеп кетиши жана иштин программасы;
  • Орхус Конвенциясынын Тараптарынын мамилелерин көзөмөлдөө тууралуу доклад;
  • Кызмат адамдарын жана Президиумдун башка мүчөлөрүн шайлоо жүргүзүлдү;
  • Башка уюштуруу маселелери каралды.

Орхус Конвенциясынын Тараптарынын Жыйынынын ишинин жүрүшүнүн 3-күнүндө жолугушуу-дискуссия өткөрүлдү. Ал, Түштүк-Чыгыш-Европа, Кавказ жана Борбордук  Азия өлкөлөрүндө биринчи Орхус Борборунун  түзүлүшүнүн 15 жылдыгына арналды. Ушул жолугушууга  аталган  региондордун бардык  Орхус Борборлорунун өкүлдөрү,  ЕККУ нун регионалдык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери катышышты. Ал эми жолугушуунун өзүн ЕККУнун  Венадагы курчап турган чөйрө боюнча бөлүмдөрүнүн жана департаменттеринин жетекчилери уюштурушту. Аталган жолугушууда ар бир өлкөнүн Орхус Борборлорунун бирден өкүлдөрү өздөрүнүн алып барып жаткан ишмердүүлүктөрү тууралуу кыскача маалыматтарды презентациялашты.

Биздин өлкөнүн атынан Ош шаарындагы Орхус Борборунун директору Каныбек Исабеков сөз сүйлөп,  Кыргызстандагы уран хвостохранилищаларын реабилитациялоо жаатындагы ишке ашырылып жаткан долбоорлор боюнча аткарылып жаткан иштерге токтолуп өттү. Мүчө өлкөлөрдүн Тараптарынын Жыйынынын аталган жолугушуусу  Орхус Конвенциясын жайылтуу боюнча кыймылдардын көбөйүп бара жаткандыгын, ар жыл сайын ага жаны өлкөлөрдүн жана ошондой эле, башка континенттердин дагы кошулуп жаткандыгын көрсөтүп кетти. Бул жолу дагы ушундай көрүнүш кайталанды – бул кыймылга экзотикалык өлкө болуп эсептелген  Гвинея-Бисау өлкөсү дагы кошулду. Демек, аталган  Конвенциянын ээлеген денгээли жөнүндө ишеним менен айтууга болот жана анын дүйнө жүзүнө жайылтуунун кызыкчылыгы бар экендигин жана конвенциянын милдеттенмелерин алган бардык өлкөлөрдө анын сакталышын камсыз кылууну жана аны ишке ашыруу керектигин көрсөтө алды.

Тараптардын ишинин акыркы күнүндө  РВПЗ боюнча Протоколду  ишке ашырууга  арналган (булгоочулардын жана булгоочу заттардын регистри) атайын кенешме өткөрүлдү. Биздин өлкө азырынча буга кошула элек, бирок учурда аны ишке ашыруу боюнча байкоочу – өлкө катары абалды ээлеп турат. Тараптардын кезектеги юбилейлик жолугушуусу келе турган 2018 –жылы Рим шаарында (Италия) өткөрүлүүсү каралган, анын жүрүшүндө  Орхус Конвенциясынын кабыл алынышынын  20 жылдыгы белгилене тургандыгы күтүлүүдө.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *