Ош мамлекеттик университетинин(ОшМУ) Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин Дендрологиялык паркында ишембилик өткөрүлдү

09- апрель 2024 – жылы ОшМУнун Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин Дендрологиялык паркында “Парктардын маршы” жана “Эл аралык жер күнүнө” карата ишембилик өткөрүлдү.

Бул иш-чараны Ош шаарындагы Орхус Борбору “Жашыл экономикага жана айлана чөйрөнү башкарууга көмөктөшүү” долбоорунун алкагында Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети менен биргеликте уюштуруп,  жогоруда аталган факультетинин деканаты, окутуучулары, студенттери жана КР ЖРЭТКМ ОРБ адиси болуп жалпысынан 30дан ашык киши катышты.

Ишембиликтин ачылышында Орхус Борборунун мүдүрү К. Исабаев, Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Ж. Жусупбеков, ОшМУнун Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин деканы, профессор А. Г. Низамиев сөз сүйлөшүп, катышуучуларды айлана чөйрөнү таза сактоого, ар кандай экологиялык акцияларга активдүү катышууга  чакырышты.

Орхус Борборунун адиси А. Матисаев  “Парктардын маршы” жана “Эл аралык жер күнү” боюнча кеңири маалымат берди. Ошондой эле катышуучуларды Ош-Гүлчө жолунун Чыйырчык ашуусуна жакын жеринде өтүүчү Тянь-Шань карагай көчөттөрүн эгүү акциясына чакырды.

2022-жылы Орхус Борбору жана Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети “Табият-Юг” коомдук фонду тарабынан 1993-жылы уюштурулган Дендрологиялык паркка “Жашыл Мурас” өнөктүгүнүн алкагында кошумча 71 түп ак кайын көчөттөрүн отургузган. Дендрологиялык парк окуу-практикалык сабактарда, экологиялык акцияларда колдонуу жана Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги экологиялык абалды жакшыртуу максатында түзүлгөн.

Куурап калган ак кайыӊдардын ордуна жана башка бош жерлерге Кара-Кулжа районундагы “Орчун” коомдук бирикмесинин көчөт өстүрүүчү жайынан(питомник)45 даана грек жаӊгак көчөттөр акысыз алынып келинип отургузулду.

Соңунда Орхус Борбору ишембиликтин катышуучуларына ыраазычык билдирип, факультеттин деканатынан эгилген көчөттөрдү сактап калууну жана коргоону суранды.

Ош шаарындагы Орхус Борборунун адиси Матисаев А.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *