Ош мамлекеттик университетинин(ОшМУ) Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин Дендрологиялык паркында ишембилик өткөрүлдү

22- март 2023 – жылы ОшМУнун Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин Дендрологиялык паркында “Эл аралык суу күнүнө” жана “Эл аралык жер күнүнө” карата ишембилик өткөрүлдү.

Бул иш-чараны Ош шаарындагы Орхус Борбору “Жашыл экономикага жана айлана чөйрөнү башкарууга көмөктөшүү” долбоорунун алкагында Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети менен биргеликте уюштуруп,  жогоруда аталган факультетинин деканы, мугалимдери, студенттери жана парктын жетекчичиси болуп жалпысынан 50дөй киши катышты.

Ишембиликтин ачылышында Орхус Борборунун мүдүрү К. Исабаев, ОшМУнун Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин деканы, профессор А. Г. Низамиев, Дендрологялык парктын жетекчиси Э. Айдаралиев сөз сүйлөшүп, катышуучуларды айлана чөйрөнү таза сактоого, ар кандай экологиялык акцияларга активдүү катышууга  чакырышты.

Орхус Борборунун адиси А. Матисаев  “Эл аралык суу күнү” жана “Эл аралык жер күнү” боюнча кеңири маалымат берди. Ошондой эле студенттер менен биргеликте өткөрүлүүчү дебатка, эколог-бүтүрүүчүлөрдү жумушка орноштуруу максатында уюштурулуучу жолугушууга жана бак тигүү акциясына активдүү катышууга чакырды.

2022-жылы Орхус Борбору “Табият-Юг” коомдук фонду тарабынан 1993-жылы уюштурулган Дендрологиялык паркка кошумча 71 түп ак кайын көчөттөрүн отургузган. Ишембилктин жүрүшүндө катышуучулар парктын абалы жакшырганына күбө болушту. “Эл аралык куштар” күнүнө карата паркка уяларды жасап жана орнотуу боюнча акцияны биргеликте өткөрүү макулдашылды.

Топтолгон таштандылар Ош-Тазалык ишканасынын атайын уунасына жүктөлүп парктын аймагынан чыгарылды. Соңунда Орхус Борбору ишембиликтин катышуучуларына ыраазычык билдирди.

Ош шаарындагы Орхус Борборунун адиси Матисаев А.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *