Ош областынын Кара-Суу районунун Папан айыл округундагы өткөрүлгөн тренинг жөнүндө маалымат

2017-жылдын  10-апрелинде Ош областынын Кара-Суу  районунун  Папан айыл округунун имаратында  Бишкектеги ЕККУ Борборунун финансылык колдоосу алдында  «Кыргыз Республикасындагы кен казып алуу тармагындагы  ченемдик укуктук  базанын анализи» темасына арналган тренинг өткөрүлдү.

Тренингди өткөрүүнүн уюштуруучулары болуп  Ош шаарындагы Орхус  Борбору жана Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик  инспекциясынын Регионалдык башкармалыгынын Кара-Суу  району боюнча  өкүлү   саналды.

Тренингдин ишине   25 адам катышышты, анын ичинде: Папан айыл округунун башчысынын орун басары, Папан айыл округунун адистери, Папан айыл округуна кирген айылдардын башчылары, Аксакалдар кенешинин мүчөлөрү жана Папан айыл округунун тургундары болушту.

Ош шаарындагы маалыматтык Орхус  Борборунун  директору  Исабаев К. тренингдин ишин ачып берди жана тренингдин катышуучуларын  Орхус Конвенциясынын негизги принциптери менен тааныштырып өттү.

Тренер Соронкулов Г.  тренингдин катышуучуларына өзүнүн эки презентациясын сунуштады, булар: «Кыргыз Республикасындагы кен казып алуу тармагындагы  кырдаал боюнча анализ» жана  «Казына жөнүндө Мыйзам» ( 2012-ж. 9 –август. №160  КР Мыйзамы).

Тренингдин катышуучуларынын өзгөчө көңүлү кен казып алуу тармагында объекттерди рекультивациялоо, аларга берилүүчү  лицензиялардын түрлөрү, аларды берүү жана иштөө мөөнөттөрүнө байланышкан жана салыктардын жергиликтүү бюджетке  түшүүсү жана  кен казып алуу тармагындагы айкындык жөнүндө маселелерге  бурулду.

Ошондой эле, Папан айыл округунун тургундарынын тынчын алуунун себеби, округдун аймагында орун алган «Алтын-Жылга» алтын кенинин иш аракети  жөнүндө маалыматтын болбогондугу экендиги баса белгиленди.

Трениндин жүрүшүнүн процессинде катышуучуларга тренер Кожо-Келен, Папан айыл округунун айылдарындагы радиациялык фонунун деңгээлин текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө маалыматты билдирүү менен   Ош шаарындагы маалыматтык Орхус  Борбору тарабынан уюштурулган Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик  инспекциясынын Регионалдык башкармалыгынын, областтын экологиялык жана радиологиялык кызматтардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен  «Кожо-Келен» таш көмүр кениндеги көмүр казып алуу боюнча  жүргүзүлгөн комиссиянын ишинин жыйынтыгы жөнүндө корутунду менен тааныштырды.

Трениндин жүрүшүнүн процессинде катышуучуларга таратылуучу материалдар таркатылып берилди (кыргыз тилинде чыгарылган  «Казына жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ).

Тренингдин ишинин аягында, айыл округунун жетекчилери жана жергиликтүү тургундар тренингди өткөрүүнүн уюштуруучуларына ыраазычылыгын билдиришти.

 

Соронкулов Г.

Коомчулук менен иштөө адиси

Ош шаарындагы маалыматтык Орхус  Борбору

 

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *