Мергенчилер үчүн тренинг

2018-жылдын 17, 19-июлунда Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр, Кара-Көл шаарларында Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсесинин каржылык жардамы менен жогорудагы аталган шаарлардын мергенчилери үчүн курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы укуктук ченемдик актылар боюнча тренинг болуп өттү. Ага эки шаардагы мергенчилер коомдорунун мүчөлөрү, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мергенчилик жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу департаментинин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү жана Жалал-Абад облустук мергенчилер жана балыкчылар коомунун өкүлдөрү катышышты.

Катышуучулар:

  • Таш-Көмүр шаары – 23 адам
  • Кара-Көл шаары – 21 адам

Тренинг башталганга чейин К. Исабаев жана М. Осмонов Таш-Көмүр шаарынын мэри Р. А. Асаналиев менен жолугушушту. Жолугушууда Таш-Көмүр шаарынын экологиялык көйгөйлөрү жана Кызыл-Жар шаарчасындагы уран калдыктарына байланышкан көйгөйлөр талкууланды.

Уюштуруучулар Кара-Көл шаарындагы тренингдин алдында Кара-Көл шаарынын 1-Вице-Мэри Өскөн уулу Калыбай менен жолугушушту. Жолугушууда шаардын экологиялык маселелери талкууланды. 1-Вице-Мэр Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгында цемент заводдун курулушу боюнча жолугушууларды, коомдук талкууларды уюштурууга жардам берүүнү Орхус борборунан суранды. Анын айтуусу боюнча шаардагы экинчи негизги маселе- Токтогул, Ноокен райондорунун жана Таш-Көмүр, Кара-Көл шаарларынын ортосундагы жайыт маселесине байланышкан чыр чатак абалдары.

Тренинг башталганда Орхус борборунун кызматкери Т. Жумабеков катышуучуларга борбордун Кыргызстанда Орхус Конвенциясын ишке ашыруу боюнча жана Орхус Конвенциясы жөнүндө айтып берди.

Программа боюнча тренинг Таш-Көмүр, Кара-Көл шаарларындагы жаныбарлар дүйнөсүн коргоодогу көйгөйлөрдү талкуулоо менен уланды.

Талкууда катышуучулар төмөндөгү көйгөйлөрдү белгилешти:

  • Мергенчилик жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу департаментиндеги жана Мергенчилер жана балыкчылар коомундагы материалдык-техникалык базанын жетишсиздиги;
  • Адамдын тийгизген таасиринен жана жерлердин туура эмес бөлүштүрүлгөндүгүнүн кесепетинен жапайы жаныбарлардын санынын азайышы;
  • Калкта курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча укуктук ченемдик актылар боюнча маалыматтын жоктугу;
  • Мамлекеттик мергенчилик ырастаманы алуудагы кыйынчылык;
  • Нарын дарыясынын нугунун балык багуу багытында жеке жактар аркылуу тосулушу;
  • Сүлөөсүндөрдүн санынын көбөйүшү. Катышуучулардын маалыматы боюнча сүлөөсүндөр үй жандыктарына, жапайы жаныбарларга жана канаттуларга кол салган учурлар болууда.

Тренер Соронкулов Г. катышуучуларды курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы төмөндөгү укуктук ченемдик актылар менен тааныштырып жана алар менен талкуу жүргүздү: “Курчап турган чөйрөнү коргоо жөнүндө”, “Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө”, “Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө”, «Курал жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы “Жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объектилерине, курамында мумие бар чийки заттарга жана козу карындарга келтирилген зыяндар үчүн алынуучу таксанын көлөмүн бекитүү боюнча” №224-чү Токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча КРнын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы №501-чи Токтому, 2017-жылдын 12-апрелиндеги “Жаныбарлар дүйнөсүнүн кээ бир түрлөрүн атайын пайдаланууга чектөөлөрдү киргизүү боюнча” № 214-чү Токтому,   2015-жылдын 24-июнундагы “Балык чарбасындагы укуктук ченемдик актыларды бекитүү жөнүндө” № 410-чу Токтому, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы Мамлекеттик агенттигинин 2017-жылдын 10-августундагы “2017-жылдагы мергенчилик сезону боюнча” № 01-9/180-чи Буйругу, мергенчилик өндүрүшүнө кирген жапайы жаныбарлардын,   канаттуулардын жана кармалуучу балыктардын жана Кызыл китепке кирген жапайы жаныбарлардын жана канаттуулардын тизмелери.

Тренер Темирбаев О. мергенчилик ырастаманы алуунун жолдору, мергенчилик кылуунун мыйзамдуу жолдору, мергенчинин укугу жана милдеттери, мергенчилер коому эмне максатта түзүлөт, коомдун мүчөлөрү кандай укуктарга ээ, төлөмдөр жөнүндө жана бул төлөмдөр эмне максатта төлөнөт, алардын мөөнөттөрү жана өлчөмдөрү, мергенчиде кандай документтер болуусу керек, курал пайдалануунун эрежелери, ууга чыккандагы өрт коопсуздугу, мергенчи эмнелерди билүүсү керек, биотехникалык иш чаралар, мергенчилик мезгили жана атылган мергенчилик жаныбарлардын баасы жөнүндө кеңири айтып берди. Тренинг учурунда жана тренингдин аягында тренерлер жана уюштуруучулар катышуучулардын суроолоруна жооп беришти.

Аялуу тоо экосистемалары Швейцария фондунун каржылоосу менен ишке ашкан Борбордук Азиядагы биологиялык ар түрдүүлүктүн маанилүү райондорун (КРБ) аныктоо боюнча аткарылган долбоор жөнүндө Исабаев К. айтып берди. Бул жумуштун жыйынтыгында 31 биологиялык ар түрдүүлүктүн маанилүү райондору аныкталган. Алардын ичинен Кыргыз Республикасынан 5 биологиялык ар түрдүүлүктүн маанилүү райондору аныкталган. Бул тизмеге KGZ – 04 номуру менен Ала-Бука районунун аймагында жайгашкан Кассан-Сай участогу аныкталган. Бул долбоордун алкагында мергенчилер коому, жергиликтүү бийлик органдары жана жааматтар аялуу Кызыл китепке кирген жаныбарларды, өсүмдүктөрдү жана балыктарды коргоо боюнча долбоорлорду даярдап колдоо боюнча конкурска катышса болот.

Бул тренингдер Ош шаарындагы Орхус маалымат борбору тарабынан Мергенчилик жана жаныбарларды пайдалануу департаментинин Жалал-Абад облустук Өкүлчүлүгү жана Жалал-Абад облустук Мергенчилер жана балыкчылар коому менен биргеликте ОБСЕнин Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен ишке ашып жаткан “Кыргызстанда Экологиялык коопсуздукка жана жаратылыш ресурстарын турктуу башкарууга көмөктөшүү” долбоорунун алкагында өткөрүлдү.

Тренинг бүткөндө катышуучулар баалоо баракчаларын толтурушуп, аларга төмөндөгү таркатма материалдар таркатылды:

  1. “Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө” КР нын мыйзамы;
  2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы “Жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объектилерине, курамында мумие бар чийки заттарга жана козу карындарга келтирилген зыяндар үчүн алынуучу таксанын көлөмүн бекитүү боюнча” №224-чү Токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча КРнын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы №501-чи Токтому;
  3. Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 24-июнундагы “Балык чарбасындагы укуктук ченемдик актыларды бекитүү жөнүндө” № 410-чу Токтому;
  4. Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 12-апрелиндеги “Жаныбарлар дүйнөсүнүн кээ бир түрлөрүн атайын пайдаланууга чектөөлөрдү киргизүү боюнча” № 214-чү Токтому.

Орхус борборунун Коомчулук менен иш алып баруучу адиси:

Т. Жумабеков

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *