Ош шаарындагы массалык маалымат каражаттары (ММК) жана журналистер менен кызматташуу.

7-май 2024-жылы Ош шаарындагы Орхус Борбору ММК өкүлдөрү менен кызматташууну жакшыртуу максатында он-лайн жыйын өткөрдү.

Бул жыйынга Орхус Борборунун адистери, көз карандысыз журналисттер, «Ош Пирим», «Т-Медия» телеканалдарынын жана АКИпресс  интернет сайтынын журналисттери болуп жалпысынан 9 киши катышты.

Орхус Борборунун адиси А. Матисаев катышуучуларга Орхус Борборунун 2023-жылы аткарган жана 2024-жылы аткаруучу иш-чаралары боюнча кеӊири маалымат берди.

Катышуучулар айлана-чөйрөнү коргоодо көбүрөөк жаштар менен иш алып барууну сунушташты жана журналисттерди айлана-чөйрө багытында активдүү иштерди алып барууга чакырышты. Окуучуларга экологиялык билим берүүнү тереӊдетүүнү белгилешти.

Орхус Борбору 2024-жылкы иш пландарын аткарууда кошумча Ош шаарындагы Ю. А. Гагарина мектеп-гимназиясынын окуучулары, мугалимдери менен иштешип жатканын билдирип, башка мектептер менен да иштешүүгө кызыктар экенин билдирди. Борбордун ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын бири болуп жаштар жана студенттер менен иш алып баруу экенин баса белгилешти. Орхус конвенциясын ишке ашырууда ММКнын басымдуу орду бар экени белгиленди.

Соӊунда Орхус Борборунун мүдүрү К. Исабаев катышуучуларага ыраазычылык билдирип, айлана-чөйрөнү коргоодо ММК өкүлдөрүнүн ролу чоӊ экенин билдирди.

Ош шаарындагы Орхус Борборунун адиси А. Матисаев.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *