Ош шаарындагы Орхус Борборуна караштуу Консультативдик кеңештин мүчөлөрү менен жолугушуу өткөрүлдү

13 – март 2024-жылы Ош шаарындагы Орхус Борбору Консультативдик кеңештин мүчөлөрү менен он-лайн форматта жолугушуу өткөрдү.


Бул жолугушууга Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министирлигинин Ош, Жалал-Абад, Баткен, регионалдык башкармалыктарынын башчылары Мамашов Т., Томаев С., Маматалиев А., экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча көз карандысыз эксперт Соронкулов Г., ОшМУнун ТТТАТ факультетинин доценти Абдыкааров А., Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Жусупбеков Ж. жана Орхус Борборунун адистери катышышты.


Орхус Борборунун мүдүрү Исабаев К., адиси Матисаев А. “Жашыл экономикага жана айлана чөйрөнү башкарууга көмөктөшүү”  долбоорунун алкагында 2023-жылы аткарылган иш чаралар боюнча маалымат беришип, 2024-жылы аткарылуучу иш пландар менен тааныштырды. Катышуучулар 2024-жылдын иш пландарын талкуулашып ишке ашырууга көмөктөшүшөөрүн жана кызматташууга даяр экендигин билдиришти(катышуучуларды тандоо, регионалдык башкармалыктардын адистерин катыштыруу, өткөрүү күнүн аныктоо). Жакынкы жылдары аткарылуучу иштерди жана кызматташууну талкуулашты.


Соңунда Консультативдик кеңештин мүчөлөрү болочокто Ош, Жалал-Абад, Баткен областарында айлана-чөйрөнү коргоо, экологиялык абалды жакшыртуу боюнча бир топ иш пландарды талкуулашып төмөнкүлөргө токтолду:

1) Жаӊы курулуп жаткан Түндүк-Түштүк альтернативалык жол боюнда Сузак, Тогуз-Торо райондорунун аймагында жаӊгак көчөттөрүн отургузуу;
2) Ушул эле көчөт отургузуу иш-чараны Бишкек-Жалал-Абад-Ош-Баткенге кеткен жолдордо улантуу демилгеси көтөрүлдү;
3) «Орчун» КБ питомнигинде өскөн жаӊгак көчөттөрдү республика боюнча бекер таратууга жардамдашуу;
4) Ноокат районундагы Төө-Моюн участкасында, Таш-Көмүр шаарынын Кызыл-Жар конушундагы уран калдыктары жайгашкан аймактарында радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү боюнча аракеттерди жүргүзүү.


Орхус Борборунун мүдүрү К. Исабаев Консультативдик кеңештин мүчөлөрүнө иш-чараларды уюштурууга активдүү катышышкандыгына, Орхус конвенциясын ишке
ашырууга кошкон салымдары үчүн ыраазычылык билдирди.

Ош шаарындагы Орхус Борборунун адиси Матисаев А.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *