«Планетаны таштандылардан арылтуу» акция

2020-жылдын 18-19-сентябр күндөрү Кыргызстандын Орхус Борборлору “Планетаны таштандылардан арылтуу” экологиялык акциясын колдоп, Чүй, Ысык-Көл, Нарын жана Талас аймактарында субботник өткөрүштү. Ушул мероприятияны уюштуруу үчүн ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси Орхус борборлоруна 150 күрөк, 150 тырмоо, кол кап жана таштанды баштыктарын сатып алып, белек беришти. Бул иш-чараларга Орхус Борборлорунун ыктыярчылары, жарандык активисттер, жаштар жана аймактардын калкы катышты. Субботникте жүрүшүндө шаарлардагы сейил бактардын, көчөлөрдүн жана айылдык жолдордун аймактары, скверлер жана райондордун калкынын эс алуу жайлары тазаландашты. Баардык чогултулган таштандылар чогултулуп, шаардык жана райондук таштанды жайларга ташылды.

Чуйская область

Таласская область

Нарынская область

Иссык-кульская область

Бул иш-чаралар Орхус Борборлору тарабынан өнөктөштөрү менен жыл сайын өткөрүлүп турат. Биздин акцияга кошулуп, ыктыярдуу субботникте катышкан ар бир адамга терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

 

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *