Сүлүктү шаарынын көмүр чыккан районунда курчап турган чөйрөнүн абалына өткөрүлгөн мониторинг жөнүндө маалымат.

img_2205

16-19 октября 2016 года при финансовой поддержке Центра

2016-жылдын 16-19-октябрында  Бишкектеги ЕККУ Борборунун финансылык колдоосу астында, Ош шаарындагы Маалыматтык Орхус Борбору тарабынан Сүлүктү шаарынын көмүр чыккан районунда курчап турган чөйрөнүн абалына жана экологиялык жана техникалык коопсуздукту камсыз кылууга мониторинг өткөрүү  уюштурулду.

Өткөрүлгөн мониторингдин ишине Мамэкотехинспекциясынын Сүлүктү шаарынын жана Лейлек, Баткен райондору боюнча  башкы инспектору   Атанов М.,       Ош шаарындагы Орхус Борборунун директору Исабаев К.,  коомчулук менен иштөө адиси Соронкулов Г., Тоо кен пайдалануу жана тоо көзөмөлү жаатындагы көз карандысыз эксперт Мендикулов С., Сүлүктү шаарынын мэриясынын өнөр жай бөлүмүнүн адиси  Саматова С. катышышты.

Курчап турган чөйрөнүн абалынын  мониторинги  Көкөн-Сай участкасында жана 8-жана  11-участкасынын лицензиялык аянттарындагы көмүр казып алуучу ишканаларда жүргүзүлдү. Аталган участкаларда көмүр казып алуучу 29 кичи ишканалар иштейт.

img_2289

2016-жылдын 9 айында көмүр казып алуучу  ишканалар тарабынан План боюнча  349 миллион 300000 сомго көмүр казып алынды, бул  127600 тонна көмүрдү жана суммасы 216,3 миллион сомду түзөт. 2016-жылы  58 жумушчу орун түзүлгөн.

Курчап турган чөйрөнүн абалына жана экологиялык жана техникалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча  адистер жана эксперттер тарабынан  өткөрүлгөн мониторингдин жыйынтыгында  төмөнкүлөр аныкталды:

Бардык изилденген көмүр казып алынуучу    участкаларда  калдыктарды жайгаштыруу үчүн атайын калдыктар үчүн жер бөлүнгөн эмес. Калдыктар бет алды жайгаштырылган. Тиричилик калдыктары үчүн  контейнерлер коюлган эмес. Көмүр казып алынуучу  участкаларда шаарга жакын жерлеринде көчкү пайда болуу коркунучтары бар.  Жер алдындагы сууларды тартуунун негизинде саздар пайда болгон  участкалар бар. Электрдик  кабелдер электр коопсуздугунун талаптары менен туура келбейт, жумушчулар  диэлектрдик кол каптар менен,  диэлектрдик жабдуулар менен жабдылган эмес. Бардык  участкалар өрт өчүрүүчү  инвентарлар менен камсыз болгон эмес. Казылган көмүрдү убактылуу  сактоо үчүн жайлар  рекультивациялык иштерге муктаж. Кээ бир  участкаларда технологиялык жолдор жол коопсуздугунун талаптарына туура келбейт,  транспорт каражаттарын айдоочуларга жол белгилерин билдирүүчү  белгилер орнотулган эмес. Шахталардын тегерегинде суу кетүүчү жолдор жок. Көмүр казып алуучу ишканалар тарабынан айлана чөйрөнү булгоочу заттарга, атмосферага чыгуучу заттарга,  калдыктарды жайгаштырууга уруксаат алынган эмес. Компаниялардагы иштеген жумушчулар жана шахтерлор атайын кийимдер менен жеке коргоо каражаттары менен камтылган эмес.

img_2345

Рекомендациялар.

1.Кен казып алуу тармагында гы ишкана ээлерине жана жооптуу кызматкерлерге, курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык жана техникалык коопсуздукту камсыз кылуу  жаатындагы  ченемдик укуктук актылар боюнча атайын  окууларды жүргүзүү.

2.Мамэкотехинспекциясынын Регионалдык Башкармалыгы жана   мэрия тарабынан кенди пайдалануу, Эмгек жөнүндө мыйзамдын аткарылышы боюнча  контролду күчөтүү.

3.Баткен аймактык курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы башкармалыгына  уруксаат берүү документтерин жана айлана чөйрөнү булгагандык үчүн төлөмдөрдү алуу боюнча иштерди активдештирүү.

 

Коомчулук менен иштөө адиси Соронкулов Г.У.

img_2340

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *