“Жин-Жиген” көмүр кени жайгашкан жердеги курчап турган чөйрөнүн абалына мониторинг жүргүзүлдү
2018-жылдын 11-июнунда ОБСЕнин Бишкектеги Программалык кеңсесинин каржылык жардамы менен Ош областынын Ноокат районунун Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүндөгү “Жин-Жиген” көмүр кени жайгашкан жердеги курчап турган чөйрөнүн абалына мониторинг жүргүзүлдү. Ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Экологиялык жана Техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик Инспекциясынын Араван-Ноокат райондору боюнча Аймактык башкармалыгынын башкы инспектору – И. Джакишева, Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жер адиси – Р. Ураимов, тоо-кен көзөмөлү боюнча көзкарандысыз эксперт – Г. Соронкулов, Жин-Жиген айылынын тургундары – А. Газбаев, Т. Узакбаев, А. Идаев жана Ош шаарындагы Орхус Маалымат Борборунун кызматкерлери – К. Исабаев жана Т. Жумабековтор катышышты.
2017-жылдын 04–ноябрында Экологиялык жана Техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик Инспекциясынын Араван-Ноокат райондору боюнча Аймактык башкармалыгы тарабынан Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү менен биргеликте “Жин-Жиген” участкасында көмүр казуу жумуштарына пландан сырткаркы текшерүү жүргүзүлгөн.
Текшерүү учурунда Жин-Жиген дарыясынын оң жээгинин 4 участогунда өз алдынча жерди казуу учуру катталган. Казылган чуңкурлардын аянты 1.0х1.25, 1.0х1.5, 1.0х2.0 м2 болуп, тереңдиги Т. Узакбаевдин айтуусу боюнча болжол менен 30 метрден 50 метрге чейин жетет жана укуктук ченемдик актыларга туура келбейт.
Текшерүүнүн жыйынтыгында Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин төрагасы К. Рустамовко Кыргыз Республикасынын Административдик кодексинин негизинде 18000 (он сегиз миң) сом айып салынган. Жашоочулар арасында өз алдынча көмүр казуу мүмкүн эместиги жөнүндө түшүндүрүү иши жүргүзүлгөн. Ал эми Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысына Кыргыз Республикасынын “Жер казынасы жөнундө” мыйзамынын 9-беренесинин 3-пунктунун негизинде Жин-Жиген участкасында көмүр казууну токтотуу жөнүндө жазма буйрук жана токтом берилген.
2018-жылдын 11-июнунда жүргүзүлгөн мониторинг учурунда төмөндөгү жагдайлар аныкталды:
- Мониторинг жүргүзүлгөн күнү көмүр казуу учуру кездешкен жок. Көмүр казылган чуңкурлар көмүлгөн эмес жана королонбогон. Бул жашоочуларга жана үй жаныбарларына коркунуч туудурат. Чуңкурлардын үстүнө курулуш нормаларына жана эрежелерине туура келбеген бастырмалар курулган. Кээ бир участоктордо бастырмалар ураган, электр энергиясы менен камсыз болбогон. Ал эми бул көрүнүш көмүр казуу эрежелерине каршы келет. Мындан сырткары чуңкурлардын үстүнө көмүрдү тартып чыгуучу жабдуу (лебедка) орнотулган;
- Өзүм билемдик менен көмүр казылган чуңкурлар унаа жолунан жана калк жайгашкан жерден 50 метр аралыкта орун алган;
- Жеке ишкер “Исламов К. А.” тарабынан геологиялык чалгындоо жумуштарына 2022-жылдын 28-февралына чейинки мөөнөткө лицензия алынган;
- Азыркы учурда жеке ишкер “Исламов К. А.” тарабынан участоктордун биринде сууну сордуруу жумуштары жүргүзүлүп жатат. Берилген уруксат кагаздын картадагы жайгашуусу боюнча бул участок лицензия аймагына кирбейт;
- Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жер адисинин айтуусунда суу сордурулуп жаткан участок жана Жин-Жиген айылы Кызыл-Кыя шаарынын Ак-Булак айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан;
- Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 11-апрелиндеги №12-9-токтомунда жеке ишкер “Исламов К. А.” га геологиялык чалгындоо жумуштарына жер ажыратып берүүгө жана трансформатор орнотууга макулдук бербөө жагы көрсөтүлгөн. Депутаттардын макулдук бербөөсү Экологиялык жана Техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциясынын Араван жан Ноокат райондору боюнча аймактык башкармалыгынын экологиялык жана техникалык коопсуздуктун абалын текшерүүсүнүн жыйынтыгы боюнча №21-485-33-актысынын жана №21-485 2016-жылдын 05-октябрындагы “Катачылыктарды кетирбөө” жөнүндөгү жазма буйругу менен тастыкталат.
Жүргүзүлгөн мониторингтин жана биргеликтеги талкуунун негизинде катышуучулар төмөндөгүлөрдү сунуш кылышат:
– Объекттин коопсуздугун билдирген белгилерди орнотуу;
– Коопсуз участоктордун калыбына келтирүү жумуштарын уюштурууга жергиликтүү фонддордон ресурстарды тартуу;
– Бул талаш маселени чечүү үчүн Т. Кулатов айыл өкмөтүнүн тиешелүү мекемелерге кайрылуусун даярдоо;
– Административдик башкаруу органдарынын ортосундагы жана Кыргыз Республикасынын өнөр жай, Энергетика жана Жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан жеке ишкер “Исламов К. А.” га берилген № 5858 СР лицензиясы боюнча берилген аймактын чек араларын аныктоо;
– Жер казынасын пайдалануу жаатындагы укуктук ченемдик актылар боюнча жергиликтүү жашоочулар, айылдык Кеңештин депутаттары, айыл башчылар жана тоо-кен байлыктары боюнча иш алып барган кампаниялардын өкүлдөрү үчүн тренингтерди уюштуруу;
– Жин-Жиген айылынын тургундарына керектүү маалыматтарды жеткирүү;
– Жергиликтүү жашоочулар менен жеке ишкер “Исламов К. А.” Нын ортосундагы чыр чатакты болтурбоо үчүн Т. Кулатов айыл өкмөтү укук коргоо органдары менен биргеликте иш алып баруусу керек.
Бул мониторинг ОБСЕнин Бишкектеги Программалык кеңсесинин каржылык колдоосу менен ишке ашып жаткан “Экологиялык коосуздукка жана Кыргызстандагы жаратылыш ресурстарын туруктуу башкарууга көмөктөшүү” долбоорунун алкагында Ош шаарындагы Орхус Маалымат Борбору тарабынан жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Экологиялык жана Техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциясынын Араван-Ноокат райондору боюнча аймактык башкармалыгы менен биргеликте өткөрүлдү.
Специалист по работе с общественностью Информационного Орхус Центра в г. Ош,
Т. Жумабеков