Соттор үчүн тегерек стол

2022-жылдын 2-декабрында «Plaza Hotel Bishkek» мейманканасынын конференц-залында «Экологиялык адилеттүүлүк – Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыты. Айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы соттук иштерди талдоо» деген темада тегерек стол болуп өттү. Аны Бишкектеги Орхус Борбору ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен “Кыргызстандын Судьяларынын Ассоциациясы” бейөкмөт уюму менен биргеликте уюштурган. Бул иш-чараны даярдоого Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот адилеттигинин Жогорку мектеби да катышты. Тегерек столго Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрагасынын орун басары Давлетов А., Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техналык ккөзөмөл министиринин орун басары Маметов М., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бекешев Д., Кыргыз Республикасынын Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин директорунун орун басары Алымбеков Г., ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин экономика жана экология бөлүмүнүн башчысы Накашидзе Э., Кыргыз Республикасынын Жогорку, облустук, шаардык жана райондук сотторунун судьялары, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана көз карандысыз эксперттер.

Тегерек столдун негизги милдети жарандардын экологиялык укуктарын бузуулар менен коргоо боюнча кайрылуулары болгон учурда түзүлгөн уюштуруу-укуктук маселелерди талкуулоо болду. Бул максатта “Кыргызстандын судьяларынын Ассоциациясы” бейөкмөт уюмунун эксперттери жана Бишкектеги Орхус Борборунун консультанттары “Жаратылышты пайдалануу жана айлана-чөйрөнү коргоо системасындагы экологиялык адилеттүүлүк саясаты – жаратылышты коргоонун артыкчылыктуу багыты” деген темада доклад даярдашты. Экологиялык юриспруденция жана эл аралык конвенциялар жаатындагы билимди эске алуу менен материалдарды кароодо сот органдарынын мамилесин кайра карап чыгуу зарылдыгына багытталган. Докладды угуу учурунда иш-чаранын катышуучулары өздөрүн кызыктырган бир нече суроолорду берип, толук жоопторду алышты.

Тегерек столдун түштөн кийин «2017-жылдан 2022-жылга чейинки мезгилге айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы сот иштеринин анализи» презентацияда Бишкек шаарындагы Орхус борборунун эксперттери тарабынан даярдалган аналитикалык материал сунушталды. Бул талдоо сот бийлигинин да, коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн да көңүлүн бурду. Көптөгөн суроолор берилип, алар талкууга алынып, сунуштар айтылды.

Тегерек столдун жүрүшүндө Кыргызстандын судьялары тарабынан соттук иштерди кароодо учурдагы убакытты эске алуу менен жаңы түзөтүүлөрдү кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Пленумун өткөрүү зарылдыгы жөнүндө сунуш киргизилгендигин өзгөчө белгилей кетүү керек. 1992-жылдагы Пленумда акыркы жолу өзгөртүүлөр киргизилгенден бери болгон. Ошондой эле, катышуучулар сот кызматкерлерине жардам берүү үчүн айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мыйзам актыларын колдонуу боюнча колдонмо катары иштеп чыгуу өтүнүчүн билдиришти.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *