Таласта экологиялык билим берүү

Бишкектеги Орхус Борбору Талас облусунун Бакай-Ата районунда экологияны таза түрдө сактоо маселелери боюнча билим берүү курсун өткөрдү. Окууга облустун 20 орто мектебинен 2417 окуучу катышты.

Бул окуу курсу Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин райондук билим берүү бөлүмү менен макулдашып, класстык саат катары өткөрүлдү. Бир айдын ичинде (октябр) Бишкектеги Орхус борборунун тренер-консультант Тургун Момунбекова көңүл буруу менен окууга кызыккан мектеп окуучуларына лекцияларды окуп берди.

Курстун аягында окучулар менен видеобайланыш аркылуу интерактивдүү оюн өткөрүлдү жана суроо-жооп түрүндө билимдер бекемделди.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *