Тажрыйба алмашуу сапары

2020-жылдын 21-сентябрында ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин каржылык колдоосу менен Майлуу-Суу шаарында тажрыйба алмашуу боюнча иш чара болуп өттү. Иш чара алкагында Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айыл өкмөтүнүн, ар кандай кызматтарынын өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештин депутаттары, Мин-Куш айылынын жашоочулары жана жаштары Майлуу-Суу шаарына келишти.

Аталган иш чарага ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин, ӨКМнин Калдыктар менен иш алып баруу боюнча агенттигинин, Ош шаарындагы Орхус борборунун өкүлдөрү, Майлуу-Суу шаарындагы Коомдук экологиялык маалымат борборунун жетекчиси, Майлуу-Суу шаарынын мэри жана шаардык Санэпидстанциянын, орукананын башкы дарыгерлери катышышты.

Иш чаранын максаты Мин-Куш айыл өкмөтүнүн жашоочуларын Майлуу-Суу шаарындагы уран калдыктарынын объектилеринин бүткөрүлгөн калыбына келтирүү жумуштары менен тааныштыруу, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери жана шаардын жашоочулары менен аларга жолугушуу уюштуруу эле.

Алгач Калдыктар менен иш алып баруу агенттигинин өкүлү К. Кыдыров №3-чү калдык сактоочу жайындагы уран калдыктарынын №6-чы калдык сактоочу жайга көчүрүү боюнча аткарылган калыбына келтирүү жумуштары жөнүндө катышуучуларга кеңири айтып берди. Ошондой эле  жумуш учурундагы кыйынчылыктар, жашоочулардын ар кандай аракеттери жана долбоордун кандай жолдор менен ишке ашкандыгына да токтолуп кетти. Андан кийин Мин-Куш айылынын өкүлдөрунүн суроолоруна жооп берди.

Жолугушууда Майлуу-Суу шаарынын Санитардык эпидемиологиялык кызматынын жана шаардык орукананын башкы врачтары чыгып сөз сүйлөштү. Аларга катышуучулар жашоочулардын ден-соолугуна, жумуш мегилинде калыбына келтирилген объектилерге жүргүзүлгөн радиациялык мониторингге тиешелүү суроолорду беришти.

Иш чаранын биринчи бөлүгүнүн аягында шаардын мэри Н. Маматов сөз сүйлөду. Алгач саламдашып, анан жумуш учурунда жашоочулар тарабынан ар кандай ой пикирлер болгондугун, мэрия тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштери жөнүндө айтып берди жана алардын берген суроолоруна жооп берди.

Жолугушуу мурдагы №3-калдык сактоочу жайдын ордунда уланды. Калдыктар менен иш алып баруучу агенттиктин өкүлү жеринде бул объект кандайча №6–калдык сактоочу жайга көчүрүлгөндүгү тууралуу айтып берди жана бир нече суроолорго жооп берди. Ушул эле жерде катышуучулардын бул объектиге жакын жашаган тургундары менен жолугушуусу болду. Жолугушууда алар бул жерде аткарылган калыбына келтирүү жумуштары боюнча ой бөлүштү. Андан кийин алар № 3-калдык сактоочу жайдагы калдыктар ташылган №6-калдык сактоочу жайга барышты. Бул жерде К. Кыдыров калдыктар кандай технология менен жайгаштырылгандыгы жөнүндө кеп куруп берди жана ар кандай суроолорго жооп берди.

Иш чара мезгилинде катышуучулар калыбына келтирүү жумуштары мерчемделген Айлампа-Сай участогунда жайгашкан №1, 2, 4, 13, 14, 23-калдык сактоочу жайларда жана Көлмө-Сай капчыгайында жайгашкан №1, 2-тоо тектеринде болушту.

Мин-Куш айыл өкмөтүнүн өкүлдөрүнүн сапары Майлуу-Суу Электр лампа заводу менен таанышуудан кийин аяктады.

 

Коомчулук менен иш алып баруу боюнча адис,

Т. Жумабеков

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *