Волонтерлор үчүн радиациялык коопсуздук боюнча тренингдер жөнүндө маалымат

2017 –жылдын 7-9 -июнунда  Ош шаарындагы Орхус борборунун ЕККУ Программалык офисинин финансылык колдоосунун астында  тренер-волонтерлор үчүн Майлуу-Суу шаарында жана Жалал-Абад областынын Шекафтар айылында  «Майлуу-Суу шаарындагы, Мин-Куш жана  Шекафтар айылындагы  радиациялык коопсуздук» темасында тренинг уюштурулуп өткөрүлдү.

Аталган тренинг  «Борбордук Азиядагы уран калдыктары менен байланышкан, көйгөйлөрдү чечүүдө кызыкдар болгон тараптарды тартуу» долбоорунун алкагында өткөрүлдү. Тренингдин ишине  20 адам катышышты. Ош шаарындагы Маалыматтык Орхус борборунун директору  К. Исабаев долбоор жөнүндө, маалыматты жайылтууда волонтерлордун ээлеген орду жөнүндө, жеринде радиациялык коопсуздук боюнча тренингдерди өткөрүү боюнча кенен маалымат берип кетти. И.Т.Жумабеков өз сөзүндө тренингдин катышуучуларын   «Орхус конвенциясынын» тарыхы, принциптери, максаты жана элементтери жөнүндө тааныштырып кетти.

Тренингди  ЮО НАН КР  медициналык көйгөйлөр Институтунун кызматкери  Ж. Мадыкова алып барды. Тренингдин сессияларында  ал радиациялык фон жөнүндө теманы козгоп,  радиациялык фондун ченемдерин,  уран калдыктарынын курчап турган чөйрөгө тийгизген терс таасирлери жөнүндө,   радиоактивдүү калдыктар менен коопсуздук принциптердин негизинде мамиле кылуу тууралуу, уран өндүрүш объекттериндеги санитардык эрежелер жана ченемдер тууралуу,  адамдын организмине радиациянын тийгизген терс таасири  жана анын көйгөйлөрү жөнүндө, саламаттыкты сактоо боюнча медициналык көйгөйлөр Институтунун рекомендациялары тууралуу, радиациялык коргоо жана Кыргыз Республикасындагы радиациялык коопсуздук жаатында мыйзамдык базалары тууралуу терең түшүндүрмө берип кетти.

Экологиялык Маалыматтык Борборлорунун жетекчилери: А. Мамасалиев Майлуу-Суу шаары боюнча, Б. Ботобеков Шекафтар айылы боюнча  «Борбордук Азиядагы уран калдыктары менен байланышкан, көйгөйлөрдү чечүүдө кызыкдар болгон тараптарды тартуу» долбоорунун алкагында  2016-2017-жылдар аралыгындагы борборлордун жүргүзгөн ишмердүүлүгү тууралуу айтып беришти.

Тренингдин аягында катышуучулар тарабынан берилген ар түрдүү суроолорго  К.Исабаев жана Ж.Мадыкова толук жана түшүнүктүү жоопторду узатышты. Волонтерлордун биология, химия, экология жана физика боюнча мектептердин мугалимдери  жана  лицейлердин окутуучулары болгондугунан, алар үчүн тренинг өтө кызыктуу жана түшүнүктүү болду.

Тренингдин ишинин соңунда катышуучулар   волонтер болууга өздөрүнүн макул экендигин билдиришти, алар долбоорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө жана  тренингден алган билимдерин окуучуларга жана  студенттерге үйрөтүүгө кызыкдар болгондугун айтышты. Радиациялык коопсуздук боюнча тренингдин катышуучуларына, волонтерлорго тренинге катышкандыгы тууралуу сертификаттар тапшырылды.

Т.Жумабеков.

Ош шаарындагы Маалыматтык Орхус борборунун коомчулук менен иштөө боюнча адиси.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *