Ысык-Көл Орхус Борбору мониторинг өткөрдү

24-июнь 2022-жылы Ысык-Көлдөгү Орхус борбору, 2022-жылга бекитилген иш-чаралардын алкагында, Ысык-Көл районунун Чон-Өрүктү айылындагы термалдык ысык суу чыккан «Керемет суу» эс алуу жайына мониторинг жүргүздү.

Мониторинг жүргүзүүнүн максаты-  бассейнге куюлуп жаткан  жана бассейнден агып чыккан ысык суунун химиялык курамын изилдеп, курчап турган чөйрөгө тийгизген таасирин аныктоо. Мониторинг жүргүзүү үчүн  Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын адиси К.Кененбаев эксперт катары тартылган.

Мониторинг жүргүзүү менен экспертке суунун сапатын аныктап, төмөнкү лабораториялык изилдөөлөрдү  жүргүзүү жагы тапшырылды.

– суунун рН денгээли;

-суунун электр өткөрүмдүүлүгү;

-суунун азот-аммоний курамы;

-суунун азот-нитрит курамы;

-суунун азот-нитрат курамы;

-чогулган катуу заттардын көлөмү;

-биохимиялык керектөөлөр;

Мониторинг учурунда 2 точкадан б.а. бассейнге агып кирген жана бассейнден агып чыккан суулардын үлгүлөрү алынды.

Ысык-Көлдөгү Орхус борбору тарабынан Өрүктү айыл өкмөтүнө мониторинг өткөрүү тууралуу билдирүү жиберилип, мониторинг учурунда Өрүктү айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Э.Мукамбетов, «Керемет суу» эс алуу жайынын жетекчиси Ж.Ашыровдор катышты.

Мониторингдин жыйынтыгы менен суунун химиялык анализдери жасалып, корутундуга ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, эс алуу жайынын жетекчилигине жана тиешелүү мамлекеттик органдарга сунуштар жиберилет.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *