Ысык-Көлдөгү Орхус Борбору Кырчында субботник өткөрдү

Курчап турган чөйрөнүн Бүткүл дүйнөлүк күнүнө жана Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун 2022-жылга бекитилген иш чараларынын алкагында, Ысык-Көлдөгү Орхус борбору 4-июнь 2022-жылы  Ысык-Көл районунун Кырчын жайлосуунда таштандылардан тазалоо боюнча ишембилик өткөрдү. Ишембиликтин максаты, Кырчын жайлоосун таштандылардан тазалоо, коомчулуктун көнүлүн курчап турган чөйрөнүн көйгөйлөрүнө буруу, экологияны сактоо, жаштарга жаратылышка аяр мамиле кылууну үйрөтүү.

Ишембиликке Темир, Кашат, Григорьевка, Семеновка айылдарынын тургундаруы, мугалимдер, окуучулар, Кыргыз Республикасынын ЖРЭТК министрилигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын эмгек жамааты, жалпы 111 адам катышты.

Ишембилик башталаардан мурда Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун менеджери С.Турсунакунов, Ысык-Көлдөгү Орхус борбору,  Курчап турган чөйрөнүн Бүткүл дүйнөлүк күнү тууралуу маалыматтарды берди. Андан кийин сөз алган Кыргыз Республикасынын ЖРЭТК министрлигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын башчысы Р.Термеев жаратылышты сактоого чакырып, башкармалыктын атынан катышуучуларга ыраазычылык билдирди.

Катышуучуларга кол каптар, мешоктор таратылып берилип, тазалануучу участоктор аныкталгандан кийин ишембилик башталды. Белгилей кетчү нерсе, катышуучуларды транспорт, кол каптар, мешоктор, тамак ашы менен камсыздоо ЕККУнун Бишкектеги программалык кенсесинин каржылык колдоосунда жүргүзүлдү.

Ишембиликтин жүрүшүндө катышуучулар Ак-Суу суусунун жээгин, токойдун арасын таштандылардан тазалашып, жыйынтыгында 1 тоннага жакын ар кандай таштандыларды чогултушту.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *