Ж. Бакиев атындагы экологиялык паркта акция өткөрүлдү

2022-жылдын 3-июнь күнү Жалал-Абад шаарындагы Ж. Бакиев атындагы экологиялык паркта 5- июнь Бүткүл дүйнөлүк курчап турган чөйрө күнүнө карата акция өткөрүлдү. Бул иш-чараны Ош шаарындагы Орхус Борбору ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин “Жашыл экономикага жана айлана чөйрөнү башкарууга көмөктөшүү” долбоорунун алкагында уюштурду.

Акцияга КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министирлигинин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын(ЖРЭТКМ ЖРБ) адистери, массалык маалымат каражаттарынын журналисттери, «Экотартип» коомдук фондунун мүчөлөрү, парктын адистери, Жалал-Абад мамлекттик университетинин мугалими жана студенттери, шаардык экоактивисттер болуп жалпысынан 36 киши катышышты.

Иш-чараны Орхус Борборунун мүдүрү К. Исабаев ачып, төмөнкүлөргө сөз берди:

КР ЖРЭТКМ ЖРБнын  башчысы С. Томаев катышуучуларды Бүткүл дүйнөлүк курчап турган чөйрө күнү менен жана айлана-чѳйрѳнү коргоо адистеринин кесиптик майрамы менен куттуктады. Регионалдык башкармалыктын негизги багыттарынын бири жашыл аянттардын, парктардын санын кѳбѳйтүү экендигин белгиледи. Мындан ары да башкармалык жашылдандыруу иштерине кѳмѳктѳшѳѳрүн билдирди.

Ж. Бакиев атындагы экологиялык парктын  мүдүрү С. Маматалиев быйылкы жылы 150 түп павловния дарактары эгилгенин билдирип, жылдан-жылга парк жашылданып абалы жакшырып жаткандыгын белиледи. Ошондой эле бул экологиялык паркта жыл сайын акция ѳткѳрүп келе жаткан Орхус Борборуна ыраазычылык билдирди.

Орхус Борборунун адиси А. Матисаев 1972-жылы БУУнун Генералдык ассамблеясы 5-июнду Бүткүл дүйнөлүк курчап турган чөйрө күнү деп жарыялагандыгын жана ушул күнү мамлекет башчылардын Бүткүл дүйнөлүк Стокгольм конференциясында БУУнун курчап турган чөйрө боюнча атайын уюмун (UNEP) түзгөндүгү жөнүндө маалымат берди.

К. Исабаев “Экожурналист 2022” сынагынын жеңүүчүлөрү Аймак газетасынын журналисти Н. Абдылдаеваны, Жалал-Абад областык медиаборборунун журналисти Б. Ажымаматованы, Kogart.kg маалымат порталынын журналисти А. Жаңыбаеваны жана Түштүктѳгү жогорку окуу жайлардын студенттеринин арасында өткөрүлгөн илимий практикалык конференцияда мыкты доклад даярдаган Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенти  А. Абдыкалыкованы баалуу белектер менен сыйлады.

Акция Жалал-Абад областык медиа борборунун жардамы менен тартылып маалымат коомчулукка чагылдырылды. Ушул эле маалыматтар Кыргызстандагы Орхус Борборлорунун сайтына жана социалдык тармактарга жайгаштырылды.

Соңунда  ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси тарбынан чыгарылган КР Кызыл Китебине киргизилген  ѳсүмдүктѳрдүн,  канатуулардын жана жаныбарладын үч түрдүү плакаттары, КР айлана чөйрө боюнча мыйзамдарынын жыйнагын “Экотартип” коомдук бирикмесинин мүчөлөрүнө берилди.

Орхус Борборунун адиси А. Матисаев

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *