Жалал-Абад шаарынын экологиялык көйгөйлөрүн жана экологиялык стратегиялык өнүгүү планын талкуулоо боюнча жолугушуу

2019-жылдын 11-апрелинде Жалал-Абад шаарынын Мэриясынын жыйындар залында Жалал-Абад шаарынын экологиялык стратегиялык өнүгүү планын талкуулоо боюнча жолугушуу болуп өттү.

Ага Жалал-Абад шаарынын Мэри М. А. Тагаев, аппарат жетекчиси  Э. Э. Зияйдинов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча аймактык башкармалыгынын башчысы Б. А. Султангазиев, анын орун басары А. Худайбердиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой  чарбасы мамлекеттик агенттигинин (КТЧКТЧМА) Жалал-Абад аймактык башкармалыгынын (ЖАБ), Токойлорду коргоо станциясынын, Шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын, “Тазалык” муниципалдык ишканасынын, Шаардык архитектуранын, Облустук мергенчилер жана балыкчылар коомунун, Мамлекеттик каттоо кызматынын, Жашылдандыруу ишканасынын, Шаардык таза суу менен камсыздандыруу ишканасынын, Шаардык Кеңештин депутаттары, экологиялык бейөкмөт уюмдарынын, ишкерлер бирикмелеринин жана массалык маалымат каражаттарынын (ЖТРК, радио “Азаттык”) өкүлдөрү катышышты.

Жолугушуу шаардын мэринин, мамлекеттик экотехинспекциясынын аймактык башкармалыгынын башчысынын жана Орхус борборунун жетекчиси К. И. Исабаевдин саламдашуу сөздөрү менен ачылды.

Экотехинспекциясынын аймактык башкармалыгынын башчысынын орун басары катышуучуларга “Коопсуздук аркылуу өнүгүү” деген слайддарды көрсөтүү аркылуу маалымат берди. Анын маалыматы инспекциясынын түзүлүшү, ал жөнүндө жобо, укуктук ченемдик актылар жана башкармалыктын иш пландарын өзүнө камтыды. Аягында Жалал-Абад шаарынын төмөндөгү экологиялык көйгөйлөрүн белгиледи:

  • шаардын ичинде май куючу жайлардын жана 2 нефтини кайра иштетүүчү заводдордун иштеши;
  • жашылдандыруу жана парктардагы (экопарк) көйгөйлөр;
  • абанын булгануу деңгээлин өлчөөчү стационардык лаборатория постунун жоктугу;
  • саркынды сууларды тазалоочу 2 курулманын абалы;
  • Турмуш тиричилик калдыктарын топтоочу жайдын абалы.

Жыйында бейөкмөт уюмдарынын жана мекеме ишканалардын өкүлдөрү көч көчөлөрдө таштанды таштоочу урналардын жоктугун белгилешти жана шаардагы жашоочуларды, мекеме ишканаларды сугат суу менен камсыздоосун муниципалдык кызматтардан суранышты.

Жыйында катышуучулар шаардын экологиялык абалын жакшыртуу үчүн өз тармактарында иштерди жандандырууга милдеттеништи. Жана шаардын мэринен жана депутаттардан өздөрүнүн отурумдарында жогорку көйгөйлөрдү карап, бюджеттен шаардын экологиялык абалын жакшыртууга каражат бөлүү жагын кароолорун суранышты. Алардын ойлору боюнча бул маселелер шаардын стратегиялык өнүгүү планын ажырагыс бөлүгү болуп калышы керек. Мында кызыктар тараптардын биргелешип иш алып баруусунун зарылдыгы да белгиленди.

Экотехинспекциянын аймактык башкармалыгынын Жалал-Абад шаарында экологиялык жана техникалык коопсуздукту камсыздоо боюнча маалыматын эске алуу менен жана  талкуунун жыйынтыгынын  негизинде катышуучулар төмөндөгүлөрдү сунуш кылышты:

  • Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча аймактык башкармалыгынын жетекчисинин мэриянын аппараты менен биргеликте Жалал-Абад шаарындагы курчап турган чөйрө нү коргоо жана экологиялык коопсуздукту камсыздоо маселерин чечүүдө тиешелүү кызматтардын жана уюмдардын биргеликтеги иш аракетин жөнгө салуусу;
  • Өнөр жай жана жеке курулуш үчүн жер тилкелерин берүүдө мэриянын тиешелүү бөлүмдөрүнүн, шаардык архитектуранын жана мамлекеттик каттоо кызматынын чек ара талаптарынын аткарылышын камсыздоосу;
  • КТЧКТЧ МА Жалал-Абад аймактык башкармалыгынын Жаратылышты коргоонун респуликалык фондуна долбоор даярдоодо муниципалдык кызматтарга жардам берүүсү;
  • Жашоочуларды, ишкана уюмдарды сугат суу менен камсыздоо боюнча мэриянын муниципалдык кызматтарынын кеңешмелерди өткөрүүсү;
  • Курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча мекемелердин жетекчилеринин экотехинспекциянын аймактык башкармалыгы, КТЧКТЧ МАнин Жалал-Абад аймактык башкармалыгы жана шаардын мэриясы менен биргеликте курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча иш планды иштеп чыгуусу;
  • Курчап турган чөйрөну коргоо жана экологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча биргеликтеги долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча иш алып баруу;
  • Кызыктар тараптардын катышуусу менен ушундай жолугушууларды ар жылы өткөрүү.

Аягында шаардын мэри, Орхус борборунун директору жана экотехинспекциянын аймактык башкармалыгынын жетекчиси иш чарага активдүү катышкандыктары үчүн катышуучуларга ыраазычылктарын билдиришип, иштерине ийгилик каалашты.

Жолугушуу Ош шаарындагы Орхус маалымат  борбору тарабынан ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин “Экологиялык коопсуздук жана жаратылыш ресурстарын башкаруу” долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Жала-Абад шаары жана Сузак району боюнча аймактык башкармалыгы менен биргеликте өткөрүлдү.

Коомчулук менен иш алып баруучу адис,

Тургунбек Жумабеков

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *