Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн климаттын өзгөрүүсү жана региондогу экологиялык коопсуздук маселелери боюнча регионалдык жолугушуу

2017-жылдын  27-мартында  Алматы (Казакстан) шаарында   «Rixos» отелинин конференц-залында Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн климаттын өзгөрүүсү жана региондогу экологиялык коопсуздук маселелери боюнча регионалдык жолугушуу өткөрүлдү, ага Кыргыз Республикасынын делегациясы катышышты.

Делегациясынын курамы  9 өкүлдөрдөн  түзүлдү, алардын ичинде  Кыргыз Республикасындагы  ПРООН, Бишкектеги ЕККУ Борбору,  Бишкектеги Орхус  Борбору, Ош шаарындагы Орхус  Борбору, КР Улуттук илимдер Академиясы, КР табигый кырсыктарды стратегиялык изилдөө Борбору, «БИОМ»Коомдук Бирикмеси жана «Талас Транзит» Коомдук Фондунун өкүлдөрү болушту. Жолугушуунун уюштуруучулары болуп Австриялык өнүгүү агентттиги,  Стамбул (Туркия) шаарындагы ПРООН мекемеси жана   ENVSEC долбоорун ишке ашыруу алкагындагы ЕККУ бөлүмү саналышты.

 

Биздин  делегациянын атынан куттуктоо сөзү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин экологиялык стратегия жана саясат Башкармалыгынын башкы  адиси Токтогулова Камиля Адиетовна климаттын өзгөрүүсү жана региондогу экологиялык коопсуздук жаатындагы долбоорлорду ишке ашырууда ушул жылга карата кабыл алынган пландар жана коомчулуктун маалыматтуулугу боюнча маселелерде мамлекеттик органдардын жана коомдук уюмдардын жүргүзүп жаткан иш аракеттери жөнүндө кыскача маалыматты баяндап берди.

Жолугушуунун катышуучулары үчүн төмөндөгү темалардагы материалдар боюнча презентациялар жүргүзүлдү, аталган темалар:

«Климаттын өзгөрүүсү боюнча БУУнун Конференциясы – СОР-22 жана климаттын өзгөрүүсү жана глобалдык жана  регионалдык деңгээлдеги экологиялык коопсуздукка байланышкан суроолор» (Мария Хованская –  РЭЦ тин Чыгыш-европалык  региону боюнча кызматкери);

«Курчап турган чөйрө жана коопсуздук» Демилгелик долбоордун баяны: Чыгыш Европа, Борбордук Азии жана Кавказдагы өлкөлөрдө климаттын өзгөрүүсү жана  коопсуздук»;

«Курчап турган чөйрө жана коопсуздук» Демилгенин катышуучуларын уюштуруу баяны»:  Климаттын өзгөрүүсү жана экологиялык коопсуздук маселелери боюнча өзгөчө көңүл бөлүнүүгө аныкталган зоналар жана баалоо отчету» (Кристин Китцлер – ЕККУ долбоорунун жетекчиси);

«Климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу боюнча  жана   өзгөчө көңүл бөлүнүүгө аныкталган зоналардын коопсуздук тобокелине карата Рекомендациялар» (Станислав Ким – Стамбул шаарындагы ПРООНдун кызматкери);

«Табият кырсыктарынын тобокелин төмөндөтүү маселелери боюнча жергиликтүү жамаатардын маалыматтуулугун жакшыртуу үчүн Орхус Борборлорунун потенциалын бекемдөө» (Дженифер Сехринг – ЕККУ өкүлү).

Презентациялардын жана талкуулоолордун жүрүшүндө катышуучулар тарабынан абдан көп суроолор берилди жана ошону менен катар алар өздөрүнүн  рекомендацияларын сунуштап кетишти.

Жолугушуу күнүнүн  экинчи жарымында тренинг өткөрүлдү, анын темасы  «Климаттын өзгөрүүсү жана  коопсуздугу: топтолгон тажрыйба жана келтирилген сабактардын натыйжасы»  деп аталды  (Мария Хованская- тренер).

Ал эми талкуулоолордун жүрүшү жана жыйынтыктоочу документтерди даярдоо иштери, катышуучулардан түзүлгөн 3 топтун ишинин жыйынтыгы менен өткөрүлдү.

Өткөрүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча документтердин баяндамасы жасалды, мында 3 топтун ишинин жыйынтыгы чыгарылды жана ушул топтун өкүлдөрү тарабынан аталган жолугушуунун иши аягына чыгарылды.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *