Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүнө арналган Нарында экологиялык акция өттү
2022-жылдын 3-июнунда Нарын Орхус борбору «Каратал-Жапырык» мамлекеттик жаратылыш коругу менен биргеликте Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүнө арналган коомдук иш күнүн өткөрдү.
«Каратал-Жапырык» мамлекеттик ишканасынын жалпы коллективи, А. В.П.Чкалова жана БАУнун кызматкерлери (Борбор Азия Университети). Акцияга Ак-Кыя тилкесинин төмөнкү жана жогорку бөлүгүндө өткөрүлүп, «Таза тоолор-2022» деп аталды. Катышуучулардын саны 18 адам, анын ичинен 4 аял, 14 эркек. 15 мүшөктөн ашык таштанды жыйналды (300 кг таштанды). Чогулган таштандылар шаардагы таштанды таштоочу жайга ташылды.
Аягында «Каратал-Жапырык» МЖК башчысы Чороев Б. акцияга активдүү катышкандыгы үчүн катышуучуларга жана Орхус Борборуна ыраазычылык билдирип, айлана-чөйрөнү таза түрүндө сактоодо кызматташууну күчөтүүнү каалады.