ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өнөктөштөрүнүн консультациялык жолугушуусу
2025-жылдын 27-февралында «Новотел» мейманканасында ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өнөктөштөрүнүн консультациялык жолугушуусу болуп өттү. Бул иш-чара ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин 2024-жылга карата ишмердүүлүгү жана 2025-жылга пландары тууралуу маалымат берүүгө арналды. Жыйынга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, укук коргоо органдарынын, сот органдарынын, коомдук уюмдардын жана ЕККУнун башка өнөктөштөрүнүн өкүлдөрү катышты.
z
ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин бөлүм башчыларынын баяндамалары угулуп, өткөн жылдагы иштердин жыйынтыгы талкууланып, 2025-жылга карата пландар каралды.
Талкуунун жүрүшүндө өнөктөштөр кызматташуунун позитивдүү тенденциясын белгилешип, иштердин жыйынтыктары жарыяланып, келечекте өз ара аракеттенүүнү улантуу жана бекемдөө каалоолору айтылды.