«Климаттын ѳзгѳрүүсү боюнча жаштардын маалыматтуулугун жогорулатуу» аталышындагы окутуу Ош шаарынын Орхус Борборунда ѳткѳрүлдү.
2021-жылдын 23-сентябрында БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча Глазго шаарында ѳтүүчү 26-конференциясына карата, Ош шаарындагы жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн климаттын ѳзгѳрүүсү боюнча жаштардын маалыматтуулугун жогорулатуу максатында окутуу ѳткѳрүлдү.
Бул иш-чара Орхус Борбору тарабынан “Жашыл экономикага жана айлана чөйрөнү башкарууга көмөктөшүү” долбоорунун алкагында уюштурулду. Окутууга Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин(КѲЭУ) мугалимдери жана студенттери, Ош мамлекеттик университетинин, Ош технологиялык университетинин жана Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин биология жана география факультеттеринин студенттери болуп жалпысынан 18 катышышты.
Иш-чараны Орхус Борборунун мүдүрү Исабаев К. ачып Орхус Борборунун ишмердүүлүгүнѳ токтолду.
Б. Сыдыков атындагы КѲЭУнин профессору, биология илимдеринин доктору, Самиева Ж.Т. Орхус Борбору менен биргеликте аткарылып жаткан иш-чаралардын маанилүүгүн белгилеп, студенттерди алдыдагы иш-чараларга активдүү катышууга чакырды .
Орхус Борборунун адиси Зайырбеков А. климаттын ѳзгѳрүүсү боюнча презентация даярдап, катышуучуларга кеңири маалымат жеткирди.
Окуутунун соңунда алдыдагы студенттер менен бирге «Климаттын ѳзгѳрүүсү» боюнча дебат жана илимий-практикалык конференцияны уюштуруу жана ага активдүү катышуусу белгиленип кетти.
Ош шаарындагы Орхус Борборунун адиси Зайырбеков А.