Орхус Борборлору КР ЖРЭТКМ менен биргеликте маалымат жыйындарын өткөрүштү
Орхус Конвенциясынын 7-Улуттук баяндамасын иштеп чыгууну даярдоого байланыштуу 2024-жылдын 9-11-сентябрында Кыргызстандын Орхус Борборлору Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен бирдикте ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен аймактык маалыматтык жолугушуулар өткөрүлдү. Жыйынга мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер жана консультанттар катышты. Жолугушуунун кээ бир катышуучулары онлайн режиминде катыша алышты.
Бул жолугушуулар отчетко маалымат чогултууну даярдоого өлкөнүн калкынын бардык катмарларынын катышуусу үчүн уюштурулган. Бул жолугушуунун негизги критерийлери болуп кызыкдар тараптарга отчет үчүн материалдарды чогултуу тартибин жана ыкмаларын түшүндүрүү болду. Отчеттук материалдарды даярдоо мөөнөтү 2 этапка бөлүнөт, анын биринчиси август айында башталып, октябрга чейин созулат. Андан кийин болжол менен октябрь айынын орто ченинде докладдын биринчи долбоору иштелип чыгып, тегерек столдун талкуусуна коюлат. Андан соң сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен материалдарды чогултуунун экинчи этабы башталат жана ушул жылдын декабрынын башында кабыл алынган түзөтүүлөрдү эске алуу менен долбоор сунушталат. Ал эми келерки жылдын январь айынын башында отчеттун акыркы версиясы даярдалып, ЖРЭТКМнын жетекчилигине бекитүүгө жиберилет.
Ушуга байланыштуу сапаттуу жана ар тараптуу отчетту иштеп чыгууга кызыкдар болгондордун бардыгын бул документти жазууга активдүү катышууга чакырабыз. Докладды даярдоодо негизги жоопту орган болуп Орхус Конвенциясынын координатору – Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги саналат.