УДАС 3.0 даярдоону баштоо үчүн Форум

2025-жылдын 29-декабрында «Хаятт Ридженси» мейманканасында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан, БУУнун Өнүктүрүү  «Климат убадасы»  программасынын,  БУУнун тутумунун туруктуу координаторунун кеңсеси жана глобалдык демилге УДАС өнөктөштүк колдоосу менен уюштурулган «Кыргызстандын Улуттук дэнгелдее аныкталган салымын даярдоону баштоо – 3.0» форуму болуп өттү.

Форумдун максаттары:

– УДАС 3.0 даярдоодо жана ишке ашырууда мүмкүн болуучу кыйынчылыктарды аныктоо жана талкуулоо;

– УДАС 3.0 даярдоодо жогорку деңгээлдеги мамлекеттик жана тармактык артыкчылыктарды аныктоо, аларды өнүктүрүүнүн учурдагы узак мөөнөттүү пландары жана стратегиялары менен координациялоону талкуулоо;

– УДАС 3.0 даярдоо үчүн колдо болгон колдоону көрсөтүү жана колдоодогу кемчиликтерди аныктоо;

– УДАС 3.0 үчүн социалдык мүмкүнчүлүктөрдү аныктоо.

 

УДАС 3.0 улуттук саясатты Париж макулдашуусунун максаттарына гана шайкеш келтирбестен, ошондой эле өлкөлөр арасындагы отчеттуулукту жана ачыктыкты жакшыртат. Акыркы климаттык окуялардан алынган сабактарды эске алуу жана адаптациялоо боюнча иш-аракеттерди илгерилетүү менен, бул жаңы милдеттенмелер зарыл болгон каржылоону мобилизациялайт жана туруктуу технологияларда инновацияларды стимулдайт.

 

Форумга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, министрликтердин жана ведомстволордун, дипломатиялык корпустун жана эл аралык институттарынын, илимий жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, климатология боюнча эксперттер, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Негизги презентацияларды ЖРЭТКМ (А. Бариева – Климат саясаты бөлүмүнүн башчысы), БУУ (Л. Жолдубаева – Климаттын өзгөрүүсү боюнча программасынын адиси жана  ИКЭОС кластердик менеджери), УДАС  өнөктөштүк глобалдык демилгеси (Део Габинете –  аймактык колдоо тобунун менеджери) жасады. Сунуш кылынган докладдарды талкуулоодо ар турдуу министерстволордун жана ведомстволордун өкүлдөрү, коомчулуктун жана экология боюнча эксперттер чыгып суйлөшту.

Жалпысынан УДАС 3.0 иштеп чыгууга даярдыктын башталышы бардык катышуучулар тарабынан жактырылып, коюлган максаттарга жетүү үчүн багытталган жана сапаттуу программаны ишке ашырууга чакырды.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *