Чаткал районундагы Сумсар айыл өкмотүнүн Шекафтар айылындагы маалыматтык жолугушуу

2020-жылдын 9-июлунда Шекафтар Коомдук Экологиялык Маалымат Борборунун кеңсесинде уран объектилериндеги пландаштырылган калыбына келтирүү жумуштары боюнча маалыматтык жолугушуу болуп өттү. Жолугушууда Сумсар айыл өкмөтүнүн башчысы Рысбеков А., Сумсар Айылдык Кеңешинин төрагасы Курмантаев Н., Айылдык Кеңештин депутаттары, Акишев көчөсүнүн старостасы Наркулов Ж., Сумсар айыл өкмөтүнүн алдындагы Жумушчу комиссиянын мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө Кырдаалдар Министирлигинин алдындагы Калдык сактоочу жайлар менен иш алып баруу агенттигинин башкы адиси Абдраев А., “Центральная Азия ВИЗУТЕК” ЖЧКсынын башкы директорунун орун басары Ибаков У., жана ушул ЖЧКнын курулуш иштерин көзөмөлдөө боюнча адиси Т. Абриновдор катышышты.

Орхус борборунун директору К. Исабаев жолугушууну ачып, Шекафтар айылындагы боло турган калыбына келтирүү жумуштарына токтолуп, жергиликтүү калкка, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мамлекеттик структураларга маалымат таркатуу негизги жумуш экендигин белгилеп кетти. “Центральная Азия ВИЗУТЕК” ЖЧКсынын башкы директорунун орун басары У. Ибаков Шекафтар айылындагы боло турган калыбына келтирүү жумуштарынын башкы планы жана маалыматтык материалдар менен катышуучуларды кыскача тааныштырды. Калыбына келтирүү жумуштары учурунда жашоочулар менен болуучу пландаштырылган жолугушуулар жөнүндө да маалымат берди.

“Борбордук Азиядагы улан калдыктарына байланышкан көйгөйлөрдү чечүүдө кызыктар тараптарды катыштыруу. Экинчи Фаза” долбоорунун алкагында ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин каржылык колдоосу менен чыгарылган Калыбына келтирүү жумуштарынын башкы планы, маалыматтык китепчелер Шекафтар, Сумсар айылдарында орнотулган төрт маалымат тактайчада жайгаштырылган. Бул материалдарда калыбына келтирүү жумуштарынын максаты, ташылуучу тоо тектеринин көлөмү жана жумуш мезгилиндеги коопсуздук шарттары жөнүндө маалыматтар камтылган.

ӨКМнин Калдыктар менен иштөө агенттигинин башкы адиси А. Абдыраев пландаштырылган калыбына келтирүү жумуштарынын  Шекафтар айылынын жашоочулары үчүн маанилүү экендигин белгилеп, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, депутаттарды бул жумушту колдоого чакырды.

Сумсар айыл өкмөтүнүн башчысы А. Рысбеков калбына келтирүү жумуштары боюнча айыл өкмөтүнүн, ӨКМнин жана мамлекеттик органдардын көп жылдык аткарган жумуштарын белгилеп кетти. Долбоордун алкагында Шекафтар айылына курулуучу суу түтүгү жөнүндө да айтып, маалыматтык материалдардын көрүнүктүүлүгү жана түшүнүктүүлүгүн да белгилеп кетти.

Аягында жергиликтүүлөрдү жумушка алуу, калдыктарды коопсуз ташуу жана жолдорду куруу сыяктуу суроолор болду. Бул суроолорго ВИЗУТЕКтин, Калдыктар менен иштөө агенттигинин өкүлдөрү жана Сумсар айыл өкмөтүнүн башчысы жооп беришти.

Жолгушууну жыйынтыктап атып, Орхус борборунун директору К. Исабаев калыбына келтрүү жумуштары боюнча жашоочулар менен маалыматтык жолугушуулардын болуп туруусу маанилүү экендигин белгилеп, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, депутаттарды жана жашоочуларды маалыматтарды таркатууда жана түшүндүрүү жумуштарын жүргүзүүдө активдүү катышууга чакырды. Кызматташкандыктары үчүн катышуучуларга ыраазычылык билдирди.

Шекафтар айылынын тургундарына такратуу үчүн катышуучуларга орус жана кыргыз тилдериндеги маалыматтык китепчелер берилди.

Жолугушуудан кийин катышуучулар Акишев көчөсүндө жайгакан тоо тектерин ташуу үчүн пландаштырылган технологиялык жол куруулуучу участокту барып көрүштү. ВИЗУТЕКтин жана Калдыктар менен иштөө агенттигинин өкүлдөрү менчик аймакты убактылуу пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн алдын ала макулдашышты.

 

Орхус борборунун Коомчулук менен иш алып баруучу адиси,

Т. Жумабеков

11.07.2020

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *