5-июнь Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрө күнүнө байланыштуу студенттер менен жолугушуу өткөрүлдү

6-июнь 2022-жылы Ош шаарындагы Орхус Борбору жана Ош мамлекеттик университетинин(ОшМУ) Табият таануу жана география факультети КР Тоо экосистемаларын коргоо, климаттын туруктуулугу, Эл аралык тоолорду туруктуу өнүктүрүү жылдарына карата жана «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгүн алдыга жылдыруу, Биологиялык ар түрдүүлүктүн эл аралык күнүнө, Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрө күнүнө арналган жолугушуу өткөрдү.

Бул жолугушууга Табият таануу жана география факультетинин деканы, мугалимдери жана студенттери катышышты.

Орхус Борбору тарабынын “Жасалма мөнгүлөрдү жасоо”, “Борбор Азия тоолорунун жаратылышын сактоо”, “Бийиктеги экология” видеофильмдерин көрсөтүп, Орхус Борборунун ишмердүүлүгү боюнча маалымат берилди.

Соңунда ОшМУнун Табият таануу жана география факультетинин китеп канасына экология тармагы боюнча китептер жана плакаттар берилип,  катышуучулардын суроолоруна жооп берилди.

А.Матисаев Ош шаарындагы Орхус Борборунун адиси.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *