Бишкектеги Орхус Борборунун өнөктөштөрүнүн катышуусу менен Чолпон- Ата шаарындагы өткөрүлгөн тегерек стол.

2017-жылдын 26-апрелинде  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын конференц-залында  “Ысык-Көлдү сактоо- региондун калкынын бакыбат жашоосунун негизи»  темасына арналган тегерек стол өткөрүлдү.

Тегерек столдун ишине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын өкүлдөрү, региондогу коомдук уюмдардын жана өкмөттүк эмес уюмдардын, ар кандай   фонддордун өкүлдөрүнүн катышуусу болду.

Аталган иш чаранын уюштуруучулары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги менен биргеликте ишке ашырылып жаткан  «FinWater WEI» Институтунун (Финляндия Өкмөтү) финансылык колдоосу астында,  «KGZ – Суу/Ысык-Көл» Долбоору жана  Бишкектеги ЕККУ Борбору жана Бишкектеги Орхус Борбору болушту.

Өткөрүлгөн тегерек столдун негизги милдети болуп, Ысык-Көлдүн суусун таза сактоо маселеси болуп саналды жана  анын экологиялык абалын жакшыртуу жана мамлекеттик түзүмдөргө   Кыргызстандагы бирден бир кооз көлүбүздү сактоодо аяр мамиле жасоо боюнча сунуштарды даярдоо болду.

Тегерек столдун ишинин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин  директорунун орун басары А.Рыспеков,  Бишкектеги ЕККУ Борборунун өкүлү Э.Пайзиев жана  «KGZ – Суу/Ысык-Көл» Долбоорунун менеджери  Ари Мякиля катышышты.

Алар өз сөзүндө аталган иш чаранын маанилүүлүгүн баса белгилешти, региондогу курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы орун алып жаткан көйгөйлөргө көңүл бурууну, коомдук бирикмелердин жана экологиялык кызматтардын көңүлүн көлдү булгоону болтурбоо боюнча кечиктирилгис чараларды көрүүгө чакырып кетти, ал эми КТЧКТЧМА өкүлү   региондогу жаратылышты коргоо жаатындагы жүргүзүлүп жаткан иш чаралар жөнүндө маалымат менен тааныштырып өттү.

Андан кийин тегерек столдун катышуучуларына Орхус Борборунун жетекчиси А.Нурбеков тарабынан «Орхус Конвенциясына таянуу менен коомчулуктун экологиялык маселелерди ишке ашырууга катышуусу» темасында презентациясы сунушталды.

Финляндия Өкмөтүнүн  колдоосу астында ишке ашырылып жаткан «KGZ – Суу/Ысык-Көл» Долбоорунун менеджери  Ари Мякиля  «KGZ-Суу/Ысык-Көл» долбоорунун алкагындагы мониторингдин негизги милдеттери” темасында презентациясын өткөрдү.

«Таза Ысык-Көл» Коомдук Фондусунун жетекчиси А. Шамсутдинов «Таза Ысык-Көл» Коомдук Фондусунун иш аракети” темасында Ысык-Көлдүн жээк зоналарын таза сактоо  жана 2017-жылга карата эл аралык сууларды тазалоо күнүнө даярдык көрүү боюнча презентациясын жасады.

Калкка билим берүү жана өнүктүрүү боюнча Ысык-Көл регионалдык борборунун жетекчиси Кошекова К.Т. «Калкка билим берүү жана өнүктүрүү боюнча Ысык-Көл регионалдык борборунун иш тажрыйбасы» темасында өзүнүн презентациясын жасады.

«Ысык-Көл областынын Өкмөттүк эмес уюмдар Ассоциациясы» бирикмесинин юридикалык Альянсынын өкүлү Мукамбетов М.  өз сөзүндө Альянстын жүргүзгөн ишмердүүлүгү тууралуу кеңири баян куруп берди.

Талкуунун жүрүшүндө катышуучулар тарабынан курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы  ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгарууда, жаратылышты коргоо боюнча мыйзамдарды бузуучуларга, өзгөчө браконьерлерге карата катуу чараларды колдонууну күчөтүүнүн зарылдыгы жөнүндө ар кандай  сунуштар айтылды.

Ошондой эле, Ысык-Көлдүн жээк зоналарын тазалоо боюнча иш чараларды уюштуруунун натыйжалуу болуусун талкуулашты, тиричилик калдыктарын тазалоонун жолдорун жана өнүккөн өлкөлөрдө колдонулган алдыңкы технологияларды колдонуу менен механикаланган тазалоо тутумун колдонууну киргизүү сунуш кылынды.

Коомдук уюмдардын айрым өкүлдөрү тарабынан Ысык-Көлдүн суусунун мониторингин жүргүзүү маселелеринде бирдиктүү иштерди алып баруу боюнча сунуштар киргизилди, ар кандай жаратылышты коргоо иш чараларын өткөрүү жана адамдардын экономикалык иш аракеттеринен региондогу экологиялык көз карандылыктын пайда болуусу жөнүндө, калктын маалыматка жеткиликтүү болуусу жөнүндө ар кандай ойлор айтылды.

Аталган тегерек столду өткөрүүнүн экинчи жарымында  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин балансына «KGZ-Суу/Ысык-Көл» долбоорунун алкагында сатып алынган моторлуу кайыкты которуп берүү боюнча расмий салтанат уюштурулду.

Аталган кайык, экологиялык  мониторинг  процессин оптималдаштыруу үчүн каралган жана Ысык-Көлдүн экологиялык абалы жөнүндө   маалыматты чогултуу үчүн арналган.

Бүгүнкү күндө, туристтик сектордо тиешелүү түрдө өнүгүү үчүн зарыл болгон жалаң гана экономикалык өнүгүүгө  басым жасалбай, Ысык-Көл ошондой эле, абдан кооз жана таза көл катары социалдык өнүгүү аспекттерин камтыган,  кайталангыс жаратылыш объектиси болгон көл катары маанилүү аспект боло алат.

Ушуга байланыштуу, жаратылышты коргоо иш чараларынын бирден бир артыкчылыктуу милдети болуп экологиялык  мониторинг тутумун оптималдаштыруу саналат.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *