Чон-Алайдагы тренинг

2017-жылдын 23-октябрында Ош областынын Чон-Алай районунун Дароот-Коргон айылында ОБСЕнин Бишкектеги Программалык офиси тарабынан каржыланган Өсумдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу боюнча тренинг болуп өттү. Тренингте КР нын Өкмөтүнүн алдындагы Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы Мамлекеттик Агенттигинин, Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаментинин Ош областык өкүлчүлүгүнүн, “Мин-Теке”, “Бек-Тосот” жамааттарынын, ГИЭТБнин Алай жана Чон-Алай райондору боюнча аймактык башкармалыгынын,Чон-Алай жана Кашка-Суу айыл өкмөттөрүнүн өкүлдөрү катышышты.

Бул тренинг ОБСЕнин колдоосу менен ишке ашып жаткан “Жашыл экономика, табигый кырсыктарды азайтуу жана Орхус Конвенциясын ишке ашыруу аркылуу Кыргызстанда экологиялык коопсуздукту бекемдөө” долбоорунун алкагында Ош шаарындагы Орхус Маалымат Борбору тарабынан Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаментинин Ош областык өкүлчүлүгү менен биргеликте өткөрүлдү.

Катышуучуларды каттоо аяктагандан кийийн Ош шаарындагы Орхус Маалымат Борборунун директору К. Исабаев Кыргызстанда Орхус Конвенциясын ишке ашыруу боюнча борбордун ишмердүүлүгү жөнүндө катышуучуларды тааныштырды.
Өсумдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу боюнча тренингти Орхус борборунун кызматкери Т. Жумабеков өттү. Тренингте айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук жөнүндөгү ченемдик-укуктук актыларды каралып, “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө”, “Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө”, “Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө”, “Курал жонүндө” мыйзамдарын жана Токой, Суу, Жер жана Административдик жоопкерчилик Кодекстери талкууланды.
Тренинг учурунда катышуучулар КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы “Жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объектилерине, курамында мумие бар чийки заттарга жана козу карындарга келтирилген зыяндар үчүн алынуучу таксанын көлөмүн бекитүү боюнча” №224-чү Токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча КРнын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы №501-чи Токтому, КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы Мамлекеттик Агенттигинин директорунун 2017-жылдын 10-августундагы “Мергенчилик сезону жөнүндө” №01-9/180-чи Буйругу, КРнын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-апрелиндеги “Жаныбарлар дүйнөсүнүн кээ бир түрлөрүн атайын пайдаланууга чектөөлөрдү киргизүү боюнча ” № 214-чү Токтому, Мергенчилик өндүрүшүнө жан тутуу үчүн багытталган жапайы жаныбарлардын жана канаттуулардын тизмеси жана КР Кызыл китебине кирген жапайы жаныбарлардын жана канаттуулардын тизмеси менен таанышышты.


Тренингтеги талкууда Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаментинин Ош областык өкүлчүлүгүнүн Чон-Алай району боюнча аңчы адиси А. Мамажунусов катышуучуларга мергенчилик эрежелери, мергенчиликке уруксат берүүчү документтерди кантип алуу керек, КРнын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-апрелиндеги “Жаныбарлар дүйнөсүнүн кээ бир түрлөрүн атайын пайдаланууга чектөөлөрдү киргизүү боюнча ” № 214-чү Токтомунун аткарылышы боюнча КРнын Өкмөтүнүн Ош областындагы атайын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн токтому менен тааныштырып, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнө аяр мамиле жасоого катышуучуларды чакырып, тренингтеги маалыматтарды жашоочуларга таркатууну суранды. Сөзүнүн аягында Орхус борборуна уюштурулган тренинг үчүн ыразычылык билдирди.

ГИЭТБнин аймактык башкармалыгынын Алай жана Чоң-Алай райондору боюнча инспектору А. Таштанбеков бул тренингтин өтө маанилүулүгүн белгилеп, тренингтен көп керектүу маалымат алгандыгын жана мергенчилер жана жамаат мүчөлөрү менен таанышкандыгын айтты. ГИЭТБ, айыл өкмөтү, токой-чарба, Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаменти жана мергенчилер менен биргеликте рейдтерди өткөрүунү сунуш кылып, Орхус маалымат борборуна ыразычылык билдирди.
“Пантера Кыргызстан” Коомдук бирикмесинин долбоорун ишке ашырып жаткан “Миң-Теке” жамаатынын жетекчиси М. Жусупов карышкырлардын, чөөлөрдүн көбөйүп бараткандыгынан тынчсызданганын билдирди. Жана ак илбирсти коргоо долбоорунун алкагында коюлган камераларды жергиликтүү жашоочулар тарабынан уурдалып жаткандыгын айтып, алар долбоор тарабынан дүрбү, GPS жана ат жабдыктары менен камсыз болгондугун белгиледи.

“Бек-Тосот” жамаатынын жетекчиси А. Исаевдин айтышы боюнча алар коргогон аянт 95225 га, “Пантера Кыргызстан” Коомдук бирикмесинин долбоору менен алар 39 камера тузак (фотоловушка) орнотушкан. Тажрыйба алмашуу максатында алар Ыссык-Көл, Чүй областарынын мергенчилери менен биргеликте жаныбарларга эсеп жүргүзүшкөн. Чет өлкөлөрдө деңиз деңгээлинен 3000 метр бийиктикте жайыт пайдаланууга тыюу салынат. Биз да ушул тажрыйбаны өзүбүзгө киргизишибиз керек, ошол учурда гана жаныбарлардын санын көбөйтө алабыз деди. Тиешелүү мамлекеттик органдардын, Эл аралык уюмдардын катышуусундагы жайыт маселесин талкуулоо боюнча жолугушууну уюштуруу жагын Орхус Маалымат Борборунан суранды. Жана жамааттардын жасап жаткан жумуштарынын натыйжасында 2016-2017-жылдарда тоо текенин саны 105 тен 143 кө өскөндүгүн белгиледи.
Тренингтин аягында мергенчилерди окутууну, айлана-чөйрөнү жана жаныбарларды коргоонун ченемдик-укуктук актылары боюнча айыл өкмөт башчылары, Райондук Мамлекеттик Администрациясынын жана мамлекеттик текшерүүчү органдарынын өкулдөрүнүн катышуусундагы тренингти өткөрүп берүүнү Орхус борборунан суранышты.

Тренингдин аягында катышуучуларга төмөндөгү материалдар таркатылды:

  1. “Жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объектилерине, курамында мумие бар чийки заттарга жана козу карындарга келтирилген зыяндар үчүн алынуучу таксанын көлөмүн бекитүү боюнча” КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы №224-чү Токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүубоюнча КРнын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 501-чи Токтому;
  2. КРнын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-апрелиндеги “Жаныбарлар дүйнөсүнүн кээ бир түрлөрүн атайын пайдаланууга чектөөлөрдү киргизүү боюнча ” № 214-чү Токтому;

Өзгөчө кырдаалдарга даярдык жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча үй-бүлөлүк көрсөтмө
Т. Жумабеков,
Орхус маалымат борборунун коомчулук менен иштөө адиси

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *