Гүлчө дарыясында кум-шагыл аралашмасын казып алуу боюнча байкоо жүргүзүлдү.

2022-жылдын 22-сентябрында   Алай районунун аймагында Ош шаарындагы Орхус Борбору жана КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министирлигинин(ЖРЭТКМ) Ош регионалдык башкармалыгы менен биргеликте кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурак казып алуу укуктары, мамлекеттик каттоо боюнча КР Ѳкмѳтүнүн №43-токтомун жеткирүү максатында жолугушуу жана байкоо жүргүзулдү.

Бул иш-чара ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин “Жашыл экономикага жана айлана чөйрөнү башкарууга көмөктөшүү” долбоорунун алкагында КР ЖРЭТКМ Ош регионалдык башкармалыгынын текшерүү жана контролдоо инспексиясынын(ТКИ) башкы инспекторлору И. Джакишова, С. Осмонов, Гүлчө айыл өкмөт башчысы С. Исаев, орун басары С. Каримов, жер адиси, айыл башчылары, өзгөчө кырдаалдар боюнча айыл өкмөтүнүн адиси Э. Каюмов, Ленин айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы А. Арзиева, башкы адиси С. Раманов жана жеке ишкер С. Мамишовтордун катышуусунда өткөрүлдү.Жалпысынан байкоо  жана жолугушууга 12 адам катышты.

Алгач Гүлчө айыл өкмөтүндө жолугушуу уюштурулуп Орхус Борборунун мүдүрү К. Исабаев жана ТКИ башкы инспекторлору И. Джакишева, С. Осмонов КР ϴкмөтүнүн №43-токтому жөнүндө толук маалымат беришти. Гүлчө айыл өкмөт башчысы С. Исаев бул иш-чаранын маанилүүлүгүн белгилеп ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ал ноябрь айында Орхус Борборунанан КР ϴкмөтүнүн №43-токтому боюнча жергиликтүү ишкерлердин, КР Суу чарба башкармалыгынын жана КР ϴКМ Алай  районундагы бөлүмүнүн адистеринин, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын адистеринин катышуусунда семинар өткөрүп берүүнү суранды. Белгилей кетсек Гүлчө айыл өкмөтүндө №43-токтомдун негизинде бир да ишкер каталбагандыгы белгилүү болду.

Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагындагы Гүлчө дарыясынын Базар, Стадион жана Асма көпүрө тилкесинде байкоо жүргүзүү убагында дарыя ичинде кум жүктөөчү экскватордун турганына күбө болдук. Ээси жок болгондуктан түшүндүрүү ишин жүргүзө алган жокбуз. Гүлчө дарыясынын башка тилкелеринде шагыл жүктөгөн техникалар байкалбады.

Андан соң Ленина айыл өкмөтүндө жолугушуу өткөрүлүп, 3 ишкер кум шагыл аралашмасын иштетээрин кабарлашты. Алардын ичинен 1 ишкер мыйзамдуу түрдө Жаншоро жер тилкесинде иш алып бараары маалым болду. Калган 2 ишкерге(“Биримдик сервис”ЖЧКна) №43-токтомду жеткирүү максатында Ленин айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы А. Арзиевага токтомдун көчүрмөлөрү калтырылды.

Орхус Борборунун адиси Матисаев А.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *