Көмүр кенин пайдаланууда айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылуу жана экологиялык коопсуздукту сактоо боюнча тегерек стол өткөрүлдү.

17-апрель 2024-жылы Кар-Суу районунун Папан айыл өкмөтүндөгү кен байлыктарды иштетүүдө КРнын “Жер казына жѳнүндѳ”,  “Жер кодекси”, “Суу кодекси” жана  ” Атмосфералык абаны коргоо” жѳнүндѳ Мыйзамдары боюнча тегерек стол өткөрүлдү.

Бул иш-чараны Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун(ЕККУ) Бишкектеги Программалык кеӊсесинин “Жашыл экономикага жана айлана чѳйрѳнү башкарууга кѳмѳктѳшүү” долбоорунун  алкагында Орхус Борбору, КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министирилигинин алдындагы Экология жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош аймактык башкармалыгы (ЖРЭТКМ ЭТКК ОАБ) менен биргеликте уюштурду.

Тегерек столго КР ЖРЭТКМ ЭТКК ОАБ инспекторлору, Папан айыл өкмөтүнүн адистери, «Акжылга», «Азия-Кар», «Самай» «Недра Инвест» жоопкерчилиги чектелген коомдорунун(ЖЧК) өкүлдөрү болуп жалпысынан 20 киши катышты.

Ачуу аземин Орхус Борборунун мүдүрү К. Исабаев ачып, Папан айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д. Акбураевке жана айылдык кеӊештин төрагасы Т. Тагаевке сөз берди. Андан соӊ Орхус Борборунун адиси А. Матисаев Орхус Борборунун ишмердүүлүгү боюнча кенири маалымат берди.

КР ЖРЭТКМ ЭТКК ОАБ инспекторлору И. Джакишева, К. Уметов жана А. Исмайылов КРнын “Жер казына жѳнүндѳ”, “Жер кодекси”, “Суу кодекси” жана “Атмосфералык абаны коргоо” жѳнүндѳ Мыйзамдары боюнча кеӊири айтып беришти. Кендерди иштетүүдө бул аталган мыйзамдардын так аткарылуусун компаниянын өкүлдөрөнүн жана айыл өкмөтүнүн тийиштүү адистеринин милдети экенин баса белгилешти. Кен байлыктарды иштетүүдө экология кызматынан тийиштүү уруксат кагаздарын алуу жана экологиялык паспорттун маанилүүлүгүн белгилеп кетишти.

Катышуучулар жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча суроолорун беришти. КР ЖРЭТКМ ЭТКК ОРБ инспекторлору жана «Акжылга», «Азия-Кар», «Самай» «Недра Инвест» ЖЧК өкүлдөрү толук жоопторун беришти. Кен байлыктарды иштетүүдө компаниялардын, айыл өкмөтүнүн жана атайын кызматтардын биргеликте иш алып баруусу жана кызматташуу өтө маанилүү экенин белгилешти.

Соӊунда К. Исабаев катышуучуларага ыраазычылык билдирип, Орхус Борбору айлана чөйрөнү коргоо жаатында кызматташууга даяр экенин билдирди.

Ош шаарындагы Орхус Борборунун адиси А. Матисаев.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *