Келечектеги экологдор Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин бүтүрүүчүлөрүнүн катышуусу менен тегерек стол өткөрүштү

2017-жылдын 24- февралында Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук  университетинин «Экология жана жаратылышты пайдалануу» каферасынын жана  Бишкектеги Орхус борборунун колдоосу астында, аталган университеттин «География, экология жана туризм» факультетинде   «Кыргыз Республикасынын туруктуу экологиялык өнүгүшү» темасында тегерек стол өткөрүлдү.

Тегерек столдун ишине аталган  факультеттин 4-курсунун студенттери жана профессордук-окутуучулар  түзүмү катышышты.

Тегерек столдун максаты,   аталган  факультеттин бүтүрүүчүлөрүнүн эсине биздин жаратылышыбыздагы экологиялык абалды, курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча    экологиялык кызматтардын  багытын,  климаттын өзгөрүүсүнүн жаратылышка тийгизген таасирин, курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы маселелерде кандай көйгөйлөрдүн болуп жаткандыгын жеткирүү болуп саналат.Тегерек столдо ар кандай сессиялар боюнча доклад окугандар,  студенттер өздөрү жана  факультеттин окутуучулары, ОО «НАБУ»  жана Бишкектеги Орхус борборунун өкүлдөрү болушту.

Мында, Кыргыз Республикасынын  Курчап турган чөйрөсү жана жалпы адам үчүн негизги мааниге ээ болгон  темалардагы докладдарды студенттердин  өздөрү тандап алуусу болду жана муну белгилей кетүүгө болот. Мисалы үчүн, Эмилия Атабаева деген студент кыз   «Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүү контекстеги экологиялык коопсуздугу» ал эми  Айчүрөк Рыспекова «Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүшүнүн  негизи биологиялык ар  түрдүүлүк» темасына талкууну сунушташты.

Айрым докладарда, Кыргыз Республикасынын жаратылыш байлыгы жана анын сакталышына көңүл бурулду. Мисалы, Кубаныч Мырзабеков «Кыргыз Республикасындагы мөңгүлөрдүн сакталышы»  боюнча маселени, Берендер Сатымкулов  «Кыргыз Республикасынын суу ресурстарынын булганышы жана аны чечүүнүн жолдору» маселесин, Даражан Мамбетова  хвостохранилищалардын көйгөйлөрү боюнча маселени,  Эгемберди Тиленбаев  « Кыргыз Республикасынын тоо аймактарындагы токойлорду өнүктүрүү» маселелерин көтөрүштү. Докладдарды талкуулоодо жаратылышка аяр мамиле жасоонун зарылдыгы жөнүндө жана аны булгоого жол бербөө боюнча ар түрлүү ойлор айтылды.

Аталган тегерек стол факультеттин бүтүрүүчүлөрүнүнө жаратылыш байлыгы жана анын сакталышы жөнүндө, курчап турган чөйрөгө  адамдын иш аракетинин терс таасирлери, алардын жаратылыштын абалына тийгизген  кесепеттери жөнүндө, аларды жоюнун ар кандай багыттары боюнча зарыл болгон билимди алууга мүмкүндүк берди.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *