Конкурстун жыйынтыгы жана Экологиялык журналистика боюнча тренинг

2019-жылдын март айында Ош шаарындагы Орхус маалымат борбору тарабынан Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы мегилдүү басылмалар, телеберүү жана интернет жалпыга маалымат каражаттарынын арасында экологиялык багыттагы мыкты макалаларга конкурс жарыяланган эле.

Журналисттердин кесиптик майрамынын урматына үстүбүздөгү жылдын 5-ноябрында Ош Гуманитардык педагогикалык институтунун жыйындар залында аталган конкурстун жыйынтыгы чыгарылып, алар үчүн “Заманбап мультимедиялык форматтарды колдонуу аркылуу экологиялык көйгөйлөрдү чагылдыруу” деген темада тренинг уюштурулду. Бул тренингди медиа-эксперт М. Токоев өттү.

Иш чарада 21 адам катышты: конкурска катышкан журналисттер, Ош шаарынын мэриясынын алдындагы Жаштар иштери боюнча комитетинин, Экотехинспекциянын Ош шаары боюнча Региондор аралык жана Ноокат-Араван райондору боюнча башкармалыктарынын кызматкерлери катышышты.

Алдын катышуучуларга Ош шаарындагы Орхус маалымат борборунун ишмердүүлүгү жөнүндө, Орхус конвенциясынын принциптери жана конвенцияны Кыргыз Республикасында ишке ашырылышы боюнча маалымат берилди.

Тренинг учурунда М. Токоев катышуучуларга төмөндөгү багыттар боюнча кеңири маалымат берди:

  • КРнын курчап турган чөйрө боюнча 212-2016-жылдар үчүн статистикасы;
  • Сүрөттөр, инфографикалар, слайд шоулар, видео жана лонгридди жасоо булактарынын аспаптары;
  • Визуалдуу сторителлинг;
  • Кыргызстандын шаарларынын булгануу булактары;
  • Мультимедиялык форматтар.

Катышуучулар иш үстүндө тренерден өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты.

Тренинг бүтөөрү менен конкурстун жыйынтыгы чыгарылды. “Мегилдүү басылмалар” номинациясы боюнча:

1-орун Мамытов Абдираим. «Ош шамы» гезити;

2-орун Кыдыралиева Канымжан. «Ош жанырыгы» гезити;

3-орунду Таджибаева Угилой ээледи – «Уш садоси»гезити.

«Телеберүү» номинациясы боюнча:

1-орун Каракозуев Асан – КТРК «Ынтымак»;

2-орун Ажиматова Гульжан – «Азия тв» ТРКсы;

3-орунду Кошмат уулу Жусупбек ээледи – «Ынтымак» медиа ТРКсы.

«Интернет» номинациясы боюнча:

1-орун Жаныбаевой Анархан – «Кок-Арт инфо» маалымат сайты;

2-орун Айдай Беделбек кызы- «Т-Медиа» сайты жана Тологонова Саадат- «Kloop.kg» сайты;

3-орунду Абдиева Чынара ээледи-ОшМУнун Филология жана журналистика факультетинин улук окутуучусу.

Жогорудагы байгелүү орунду ээлеген конкурстун катышуучулары дипломдор жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты. Мындан сырткары тренингдин баардык катышуучуларына катышкандыгы тууралуу сертификаттар тапшырылды.

Иш чара Ош шаарындагы Орхус борбору тарабынан уюштурулуп, Жаштар иштери боюнча комитети жана КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Ош шаары боюнча Региондор аралык башкармалыгы менен биргеликте Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсесинин “Экологиялык коопсуздук жана жаратылыш ресурстарын бакаруу” долбоорунун алкагында өткөрүлдү.

 

 

Коомчулук менен иш алып баруучу адис,

Т. Жумабеков

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *