Кыргыз-Ѳзбек университетинде Экологиялык клубтун мүчѳлѳрү жана студенттер менен жолугушуу ѳткѳрүлдү.

2021-жылдын 12-майында Ош шаарындагы Кыргыз-Ѳзбек университетинде «Келечектеги, азыркы биргелешкен иш-чараларды жана идеяларды ишке ашыруу боюнча  Экологиялык клубтун мүчѳлѳрү жана студенттер менен жолугушуу» Орхус Борбору тарабынан “Жашыл экономикага жана айлана чөйрөнү башкарууга көмөктөшүү” долбоорунун алкагында уюштурду. Бул иш чарага Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети, Ош гуманитардык-педагогикалык университетинин, Ош мамлекеттик университетинин, М. М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин, Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин, Ош мамлекеттик юридикалык институтунун мугалимдери, Экологиялык клубтун мүчѳлѳрү жана студенттер болуп жалпысынан 52 киши катышты.

Иш-чараны Орхус Борборунун мүдүрү К. Исабаев ачып, катышуучуларга   Орхус Конвенциясынын КР ишке ашыруу боюнча борбордун ишмердүүлүгүү жөнүндө маалымат жеткирди. 2021- жылга пландаштырылган үч иш чарага мугалимдерди жана студенттерди активдүү катышуусун суранды.

Ош шаардык жаштар комитетинин төрагасы И. Берхмаматов  Орхус Борбору менен биргеликте аткарылган иш чараларга токтолуп, Орхус Борборунун ишмердүүлүгүнѳ ийгилик каалады. Шаардык жаштар комитети Орхус Борборунун ѳнѳктѳшү катары иш- чараларга катышып келерин белгиледи. Жаштарды айлана чѳйрѳ боюнча иш-чараларга активдүү катышууга чакырып кетти.

Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин,  доценти, география илимдеринин кандидаты Л. Камилова  Орхус Борбору менен кызматташтык боюнча, экологияны сактоо жана айлана чѳйрѳнү коргоо боюнча маалымат берди.

ОшМУнун доценти А. Абдыкааров. Орхус борборунун сайтында пайдалуу, илимий, кызыктуу маалымат бар экендигин белгилеп ѳттү. Иш-чараларга активдүү катышып мындан аары да жардам берерин айтты.

Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин, профессору, биология илимдеринин доктору Ж. Самиева  Орхус Борборунун 2019-2020 жылдар аткарган иштеринин студенттер үчүн  пайдалуу экенин белгиледи жана ыраазычылык билдирди.

Ош мамлекеттик юридикалык институтунун окуутучусу Д. Кожакунова адам баласынын экологияга терс таасирин тийгизген аракеттерин мисал келтирди. ОМЮИ тарабынан экологиялык укуктар боюнча сабактардын ѳттүлѳрүн белгиледи. Мындан аары ОМЮИнун студентери Орхус Борбору тарабынан ѳткѳрүлүүчү иш-чараларга активдүү катышарын белгилеп кетти.

Орхус борборунун адистери А. Зайырбеков, А. Матисаев. 2020 – жылы аткарылган жана 2021-жылы жаштар менен аткарылатуруучу  иш-чаралар боюнча маалымат беришти. Ошондой эле 2022-жылга Орхус Борборунун планына киргизүү максатында катышуучулардын сунуш-кеңештерин сурашты. Жолугушуун катышуучулары  ѳздѳрүнүн  сунуштарын беришти.

Аягында Орхус Борборунун мүдүрү К. Исабаев, бардык катышуучуларга активдүү катышкандыктары үчүн ыраазычылык билдирип, студенттердин окууларына ийгилик каалады жана ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси тарбынан чыгарылган КР Кызыл  Китебине киргизилген  ѳсүмдүктѳрдүн, канатуулардын жана жаныбарладын үч түрдүү плакаттарын жогорку окуу жайлардын мугалимдерине таратылды.

Зайырбеков А.- Орхус Борборунун адиси.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *