Нарында жана Ысык-Көлдө областтын коомчулугу менен жолугушуулар өткөрүлдү

11-апрелде Нарын облусунун Ак-Таала районунун Баетово айылында ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин колдоосу менен Нарын Орхус борбору тарабынан уюштурулган тегерек стол болуп өттү. Ага облустун райондук мамлекеттик администрациясынын аппаратын башчысы, «Бугу-Марал» мамлекеттик жаратылыш коругунун өкүлдөрү, Ала-Бугин, Кош-Дөбө, Кара-Бүргөн, Баетов айыл өкмөттөрүнүн кызматкерлери, кызматкерлер. аймактын СПАларынын катышты.

Нарын шаардык Орхус борборунун менеджери Калмуратов С., Орхус Борборунун ишмердүүлүгү жана Орхус Конвенциясынын облуста аткарылышы боюнча маалымат берди. Ал ошондой эле сөз сүйлөп, Орхус Борборунун төрт жыл ичинде аткарган иштери менен тааныштырды.

Ошондой эле «Бугу Марал» мамлекеттик коругунун өкүлү Ж.Кырбашев коруктун ишмердүүлүгү, ийгиликтүү ишке ашырылып жаткан долбоорлор жана келечектеги пландары менен бөлүштү.

Ал эми КР ЖРЭТК министрилигин алдындагы экологиялык көзөмөл кызматынын Нарын облустук башкармалыгынын өкүлү Мортуков А өз сөзүндө мекеменин ишмердүүлүгү менен тааныштырды. Тегерек столдун катышуучулары жогорудагы уюмдардын өкүлдөрүнө өздөрүнүн суроолорун беришти.

17-апрель Ысык-Көл облусунун. Жети – Өгүз районунун Кызыл – Суу айылында айыл өкмөтүнүн жыйындар залында ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен Ысык-Көл Орхус борбору тарабынан уюштурулган тегерек стол болуп өттү.

Тегерек столго Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Эшмамбетов, Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн алдындагы Тазалык-Кызыл-Суу муниципалдык ишканасынын жетекчиси Р.Кененбаев, КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл минситрлигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын жетектөөчү адиси С.Сооронбаев, «Изумруд Тазалык Сервис» коомдук фондунун директору А.Осмонбаева, Жети – Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнүн ага лейтенанты Ишенбек уулу Адилет , Кызыл – Суу айыл аймагынын кварталдык комитеттеринин төрагалары, депутаттары катышты. Тегерек столдун максаты – коомчулукка Орхус Конвенциясынын принциптери, Ысык-Көл облусунун Орхус Борборунун 2022-2023-жылдарга карата ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берүү, Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн экологиялык көйгөйлөрүн талкуулоо, мамлекеттик органдар тарабынан экологиялык көйгөйлөрдү чечүү боюнча аткарылган иштер тууралуу маалымат берүү.

Жыйындын жыйынтыгы менен экология маселелери боюнча бардык түзүмдөрдүн ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча түрдүү сунуштар айтылды.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *