Тегерек стол «Экологиялык көйгөйлөрдү чечүүдө коомчулуктун өкүлдөрү менен жаштардын катышуусу. Жыйынтыкка жетүүнүн жолдору»

2019-жылдын 20-ноябрында Каракол шаарында К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде, ЕККУнун Бишкектеги программалык кенсесинин каржылык колдоосунда, Ысык-Көлдөгү Орхус борбору уюштурган «Экологиялык көйгөйлөрдү чечүүдө коомчулуктун өкүлдөрү менен жаштардын катышуусу. Жыйынтыкка жетүүнүн жолдору»- деген аталыштагы тегерек стол болуп өттү. Тегерек столго К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин мугалимдер жамааты жана студенттер катышты.

Тегерек столду табигый илимдер жана дене тарбия факультетинин деканы К.Осмонбаева ачып, уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, Каракол шаарынын экологиялык маселелерине токтолуп, катышуучуларды активдүү болууга чакырды.

Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун менеджери С.Турсунакунов катышуучуларга Орхус конвенциясы, принциптери тууралуу презентация жасап, Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун 2018-2019-жылдары аткарган иштери тууралуу маалымат берди.

География факультетинин студенти А.Абдиева Каракол шаарынын эн негизги экологиялык көйгөйлөрү боюнча презентация жасады.

Табигый илимдер жана дене тарбия факультетинин деканы К.Осмонбаева «Каракол шаарынын жашыл өсүмдүктөрүнүн экологиялык абалын баалоо, абалды жакшыртуу боюнча практикалык сунуштамаларды иштеп чыгуу» -деген аталышта презентация жасап, бул багытта мугалимдердин тобу тарабынан жасалып жаткан илимий изилдөөлөр боюнча кенири маалыматтарды берди.

Мындан сырткары катышуучуларга Ысык-Көл көлүнүн абалы, суунун түбүндөгү таштандылар боюнча видеоролик көрсөтүлүп, Ысык-Көлдүн экологиясы, Каракол шаарынын тазалыгы боюнча сунуш-пикирлер айтылды. Катышуучулар тарабынан Орхус борборлорунун иш-аракеттери боюнча көптөгөн суроолор берилип, мындай тегерек столдорду айыл тургундарынын катышуусу менен көбүрөөк өткөрүүнү, жаш муундун өкүлдөрүнө туура тарбия берүү максатында мекетептерге экология сааттарын киргизүү, калк арасында экологияны сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин көбүрөөк жүргүзүүнү суранышты.

Тегерек столдун соңунда, университеттин география мугалими Ж.Акматалиев экологиялык көйгөйлөрдү жоюу боюнча сунушун билдирип, Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун ишине ийгиликтерди каалап, төмөнкү ыр саптарын окуп берди.

Маанилүү экен ойлору,

ачык болсун жолдору,

табият шартын сактаган,

Жашасын Орхус борбору!

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *