Тегерек стол: ЖМК менен кызматташуу жана биргелешип аракеттенүү

2020-жылдын 17-мартында Ош шаарынын Мэриясынын жыйындар залында Орхус маалымат борбору тарабынан Ош шаарындагы Жалпыга Маалымдоо Каражаттарынын өкүлдөрү үчүн тегерек стол уюштурулду. Бул иш чарага Мэриянын басма сөз кызматынын, Жаштар иштери боюнча комитетинин жана Экотехинспекциянын Ош шаары боюнча аймактык бакармалыгынын өкүлдөрү катышышты. Жалпысынан 22 ЖМК өкүлдөрү катышышты.

Жолугушууда тегерек столдун катышуучуларына Орхус борборунун 2019-жылдагы ишмердүүлүгү жана 2020-жылга мерчемделген иш чаралар боюнча маалымат берилди. Экологиялык маалыматтарды ЖМКга чыгаруу, биргелешип аракеттенүү, кызматташуу жана экологиялык көйгөйлөрдү чагылдыруу боюнча пикир алмашуулар болду. Журналистер курчап турган чөйрөгө жана уран калдыктары жайгашкан объектилерге медиа тур уюштуруп берүүнү Орхус борборуна сунушташты.

Ушул эле иш чарада телевизиондук, басма сөз жана интернет жалпыга маалымдоо каражаттарынын арасында Ош шаарындагы курчап турган чөйрө маселелерин, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана экологиялык коопсуздукту чагылдырган эң жакшы материалдарга конкурс жарыяланды.

Конкурстун шарты боюнча 2020-жылдын 01-мартынан 01-ноябрына чейинки мезгилде гезит, журнал беттеринде, телевизиондук каналдарда жана интернет сайттарда жарык көргөн эмгектер кабыл алынат. Конкурстун жыйынтыгы 2020-жылдын ноябрь айында чыгарылат.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *