Теплоключенка айылында тренинг өттү

15-июнь 2022-жылы  Теплоключенка айылында, Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында «Кыргыз Республикасынын  курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча  ченемдик-укуктук актылары. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары» аталыштагы Ысык-Көлдөгү Орхус борбору тренинг өткөрүлдү.

Тренингке Ак-Суу районунун айыл өкмөттөрүнүн, айылдык кенештердин кызматкерлери жана райондун депутаттар катышты.

Тренингдин максаты – айыл өкмөттөрдүн, айылдык кенештердин кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча мыйзамдарын, кодекстерди окутуп үйрөтүү, кесиптик денгээлдерин жогорулатуу.

Тренингди Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Г.Ырсалиева ачып, жооптуу катчылардын күнүмдүк иштеринде курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча мыйзамдарды , кодекстерди билүү керектигин белгилеп, уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди.

Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун менеджери С.Турсунакунов Орхус конвенциясы, Ысык-Көлдөгү орхус борборунун 2020-2021-жылдары аткарылган иштер тууралуу кенири маалыматтарды берип, суроолорго жооп берди.

Тренинг башталаардын алдында катышуучулардын билим денгээлин текшерүү максатында тесттин алдындагы суроолор берилди. Тренингдин 2-бөлүгүндө тренер А.Букарова катышуучуларга Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча мыйзамдары, укук бузуулар кодексинде каралган айып пулдардын өлчөмдөрү, экологиялык укуктар боюнча түшүндүрүп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары, укук бузуулар учурунда айыл өкмөттөр тарабынан көрүлүүчү чаралар тууралуу маалымааттарды берди.

Катышуучулар тарабынан таштандыларды таштагандыгы, жалбырактарды, таштандыларды өрттөгөндүгү үчүн салынуучу айып пулдардын суммалары, укук бузуулар боюнча комиссияларды түзүү, айып пулдардын төлөнүшү, таштанды таштоочу жайлардын документтерин алуу боюнча суроолор берилип, жооптору берилди.

Тренингдин сонунда катышуучуларга тесттен кийинки суроолор берилип, катышуучулардын сунуш-пикирлери угулду. Тренингдин жыйынтыгы менен катышуучуларга сертификаттар тапшырылды. Кереге-Таш айылдык кенешинин төрагасы Э.Телтаев тренингде көптөгөн керектүү маалыматтарды алгандыгын белгилеп, катышуучулардын атынан уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *