Ысык-көлдө чоң субботник өттү

5-июнь Курчап турган чөйрөнү коргоонун Бүткүл Дүйнөлүк күнүнө карата Ысык-Көлдөгү Орхус борбору, Ысык-Көл облусу боюнча таштандылардан тазалоо боюнча акция өткөрүү демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнө кайрылган. Өкүлчүлүк тарабынан борбордун демилгеси колдоо таап, облустагы райондук мамлекеттик администрацияларга каттар жиберилген.

5-июнь 2021 –жылы аталган акция Ысык-Көл облусу боюнча жогорку уюшкандыкта өткөрүлдү. Каракол шаарындагы акция,  шаардык  стадиондо эмгек жамааттарынын чогулушу менен башталды. Акцияны Каракол шаарынын 1-вице-мэри С. Өскөнбаев ачып, катышуучуларды бүгүнкү күн менен куттуктап, уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди.

Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун менеджери С.Турсунакунов катышуучуларга Орхус борбору тууралуу кыскача маалымат берип, катышуучуларга мээлейлер, таштанды салуучу баштыктар, футболка, кепкалар, күрөк, тырмооктор таратылып берилди.

Акциянын жүрүшүндө Каракол шаарындагы парктар, көчөлөрдүн жээктери, кичи райондордун короолору, Пристань-Пржевальск поселкасынын пляжы таштандылардан тазаланды.

Ушундай эле акция Ысык-Көл, Түп, Ак-Суу, Жети-Өгүз, Тон райондорунда жүргүзүлүп, райондордордогу мамлекеттик администрациялардын, айыл өкмөттөрдүн, мекеме-ишканалардын, ден-соолукту чындоочу жайлардын эмгек жамааттары, жалпы 1500 жакын жарандар акцияга активдүү катышып, өздөрүнө бөлүнүп берилген участоктордогу таштандыларды тазалашты.

Ысык-Көлдөгү Орхус борбору, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнө, баардык райондук мамлекеттик администрацияларга, Каракол шаардык мэриясына, айыл өкмөттөрүнүн, мекеме-ишканалардын, ден соолукту чындоочу жайлардын эмгек жамааттарына,  акцияга активдүү катышкандыгы үчүн терен ыраазычылык билдирет.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *